ГАФУРИ Мажит

(Габдулмажит) Нур- ганиевич [20. 7(1. 8). 1880-28. 10, ! 1934] — башкырт ж-а татар совет акыны, башкырт совет ад-тын негиздөөчү, Башкырт АССР эл акыны (1923). Жазуучу-агартуучу катары 1905—07-жылкы рев-я алдында белгилүү боло баштайт. 1905-ж. Казандагы студенттердин нааразылык кыймылына катышкан. Чыг-лары рев-ялык-де-мокр. мүнөздө. Реакция жылдарында «Менин жаш өмүрүм» (1906), «Улутту урматтоо» (1907) жыйнактары кон-фискаңияланып, 1911-жылдан поли-циянын көзөмөлүнө алынат. Г. Улуу Окт. рев-ясын кубанычтуу («Кызыл туу» жыйнагы, 1917) тосуп алат. Белгилүү чыг-лары: «Жумушчу» (1926) поэмасы, «Кызыл жылдыз» (1926) пьесасы, «Турмуш тепкичтери» (1930). Публ. макалалар жазган, орус акындардын ырларын башкырт-чага которгон.

Чыг.:  Я и мой народ, Уфа, 1969.

Ад.:   Творчество Мажита Гафури, Уфа, 1970.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *