ГАФНИЙ

от2020

Ноя 27, 2020

(лат. Hafnium), Hf — Д. И. Менделеевдин мезгилдик системасынын IV тобундагы хим. элемент, ат. н. 72, ат. м. 178,49. Массалык сандары 174, 176—180 болгон 6 туруктуу изотоптон турат. Г.— күмүш сымал ак металл, эрүү t 2222±30°C, кайноо t 5400°С Хим. касиеттери жагынан цирконийге окшош. Бирикмелеринде негизги валенттүүлүгү 4. Жог. темп-рада азот, көмуртек, бор, кремний м-н биригип, металл сымал, кыйындык м-н эрүүчү, хим. реагенттерге өтө туруктуу бирикмелерди HfN, HfSi, HfC, Hf2C, HfB пайда кылат. Абада сырткы бетинде жука кычкыл кабык-ча пайда болот. Кычкылтек м-н кошуп ысытуудан Г. кычкылы НЮг алынат. Г-ди ысытканда галогендер м-н кошулуп, ffiCL, H1F4 сыяктуу бирикмелерди пайда кылат. Г. цирконий минералдарынан ж-а HfCU өңдүү бирикмелерди калыбына келти-рүүдөн алынат. Эрүү темп-расы жогору болгондуктан ядролук энергетика ж-а электрондук техникада, авиац. ж-а ракета техникасында, реактив кыймылдаткычынын тетиктерин алууда колдонулат.

от 2020