ГАСТРОЛЬ

(нем. . Gast — мейман, Rolle — роль) — артисттин же коллективдин туруктуу иштеген жеринен башка районго, шаарга, областка, өлкөлөргө барып оюн көрсөтүшү. 18-к-да, айрыкча 19-к-дын 2-жарымынан белгилүү актёрлор жекече Г. м-н чыгышкан. Артисттер тобунун оюнга керектүү жасалгалар м-н кошо Г-го чыгышы 19-к-дын аяк ченинен башталган. Сов. артисттердин, о. эле кыргыз артисттеринин кийинки жылдарда чет өлкөлөрдө Г-дордо болушу улам көбөйүүдө. Мис, Б. Бейшеналиева, М. Рыскулов, А. Мырзабаев, А. Жумабаев, Б. Миңжылкиев, комузчулар ж-а бийчилер ансамблдери Лондон, Токио, София, Прага, Хельсинки, Пария? ж. б. ш-ларда болуп, элибиздин улуттук иск-восу м-н чет элдиктерди тааныштырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *