ГАСТРИТ

от2020

Ноя 27, 2020

(гр. gaster — карын) — карындын былжырлуу челинин сезгени-шинен болгон оору. Г. катуу кармаган ж-а өнөкөт болуп бөлүнөт. Катуу кармаган Г. сапаты начар, бузулган тамактан, абдан кычкыл, өтө муздак же өтө ысык тамакты ж-а ичкилик (спирт, арак, шарап) көп ичүүдөн, түрдүү кислота (уксус к-тасы ж-а жегичтер) м-н уулануу-дан, айрым дарыларды (аспирин, са-лициллаттар, гормондор ж. б.) ашык алуудан, микробдун ууларынан (ботулизм, сальмонелл ж. б.) пайда болот. Оорунун белгилери: көңүл айнуу, ичкен-жегенин тынымсыз кусуу, оозунан кара суу келип, жаман даам сезүү, тамакка табы тартпоо, баш айлануу, ичеги-карындын сыздап оору-шу ж-а курулдашы, алсыздык, тамырдын тез же начар кагышы, кан басымынын төмөндөшү, кара басуу. Өз убагында тийиштүү жардам берилбесе, оору өнөкөт түрүнө өтүп кетиши мүмкүн. Карынды түрдүү суюктуктар (минералдуу суу, марганцовка кошулуп кайнатылган жылуу суу) м-н жууп, 1—2 күн жылуу чайдан башка тамак ичпөө керек. Өнөкөт Г. узак убакытка тамак режиминин бузулушунан (көпко ачка болуу же тамакты ашык ичүү), тамакты толук чайнабай бүжүчтү жуткандай: (шашканда же тиш ооруганда), ичкиликти көп ичкенден ж-а түрдүү инфекциядан пайда болот. Өнөкөт Г-те карындын секретордук функциясы бузулгандык-тан, аш казан кычкылынын төмөндөшү же жогорулашынан ферменттер азайып же көбөйүп кетет. Өнөкөт Г. м-н ооруган адамдын тамакка табы тартпай, тамактангандан кийин күптү болот, сасык кекирет, ичи көбөт, ичкен тамагы сиңбейт, карындын тушу ооруп, кусат, арыктай баштайт. Өнөкөт Г-тин 5—10% аз кандуулукка, 8—10% карындын рак оорусуна алып келиши мүмкүн. Ошондуктан Г-тин алдын алып, өз убагында дарылануу керек. Оорунун биринчи белгилери билинер замат врачка кайрылуу зарыл. Г. м-н айбанаттар да ооруйт.

Ад.:   Гордон О. Л., Хронический гастрит и так называемые функциональные заболевания желудка, М., 1959.

от 2020