ГАСТЕЛЛО Николай Францевич

Николай Францевич [23. 4(6. 5). 1907-26. 6. 1941]—сов. учкуч, Сов. Союз. Баатыры (өлгөндөн кийин берилген), капитан. 1928-жыл-дан КПСС мүчөсү. Жумушчунун үй-бүлөсүнөн. Аскердик учкучтар мектебин бүтүп, Халхин-Гол д-ндагы салгылашууга ж-а 1939—40-жылдагы со-вет-финляндия согушуна катышкан. Улуу Ата Мек. согуштун башында бомбалоочу 42-авиадивизиянын 207-авиаполкундагы эскадрильяга коман-дирлик кылган. 1941-ж. 26-июнда Ра-дошкович — Молодечно яадлунда немецтердин танкалык колоннасын бомбалоо учурунда бензин багына тийген октон өрттөнүп бараткан самолёту м-н душмандын автомашина, танк, бензин цистерналарын тобу м-н жар-дырып, баатырларча курман болгон. Ленин ордени м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *