ГАСПАРЯН

от2020

Ноя 27, 2020

(кыз кезинде — Х а ч а т-р я н) Гоар Микаэловна (14. 12. 1924-ж. т.) — армян совет ырчысы (сопрано), СССР эл арт. (1956). Муз. билимди Каирден алган. 1948-ж. СССРге келген. 1949-жылдан Армян опера ж-а балет театрында солист. Аткарган негизги партиялары: Ануш, Шу-шан (Тигранян, «Ануш» ж-а «Давид-бек»), Лакме (Делиб, «Лакме»), Виолетта, Дездемона (Верди, «Травиата» ж-а «Отелло») ж. б. Степаняндын «Каарманында» Гоардын ролун аткарганы үчүн Г-га СССР мамл. сыйлыгы (1951) берилген. Ал концерттик ырчы катары да таанымал. СССР Жог. Советине (7—8-шайл.) депутат. Армян ССР мамл. сыйл. лауреаты (1964).

от 2020