ГАПРИНДАШВЙЛИ Нона Терентьевна

Нона Терентьевна (3. 5. 1941-ж. т., Згудиди, Грузин ССРи) — сов. шахматчы. СССР спор-тунун эмг. сиңг. мастери (1964), эл аралык мастер (1961). 1966-жылдан КПСС мүчөсү. Тбилиси чет тил пед. ин-тун бүтүргөн. Шахматты 5 жашынан ойноп, 15 жашында Грузин ССРинин чемпиону болгон. Шахмат б-ча аялдар арасында СССРдин 2 (1964, 1974) ж-а дүйнөнүн 5 жолку чемпиону (1962, 1965, 1969, 1972, 1975). Аялдардын арасынан чыккан биринчи гроссмейстер (1975). Эл аралык турнирлерде бир нече жолу (Батуми, 1961; Сухуми, 1962; Бевервейк, 1963; Гастинго, 1963; Сухуми, 1964; Белград, 1966; Киев, 1967; Белград, 1968; Тбилиси, 1973; Белград, 1974) жеңип чыккан. Грузин ССР Жог. Советинин (9-шайл.) депутаты. Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Шахмат оюнун кеңири жайылтуу максатында 1976-ж. май айында Кырг-н-га келип бир нече оюнга катышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *