ГАННИБАЛ Аннибал Барка

Аннибал Барка (б. з. ч. 247 же 246, Карфаген — б. з. ч. 183, Вифиния) — Карфаген полково-деци ж-а мамл. ишмери. Гамилъкар Барканын уулу. Атасынын согушта-рына, кийин кайниси Гасдрубалдын Испания м-н болгон уруштарына катышкан. 225-жылдан Испанияда карфагендик атчандардын командачысы. 221-ж. (Гасдрубал курман болгон соң) жоокерлердин талабы б-ча Карфаген армиясынын башкы командачысы. 219-ж. Г. Римдин союздашы Сагунт ш-на кол салган. Бул чынында 2-Пуни согушун (218—201) чыгарган. Г. 218-ж. аскерлери м-н Альпыдан өтүп, Цизальпы Галлиясы м-н Италияга кирип, Тицина, Треб-бия өзөндөрүнүн (218), Тразимен көлүнүн (217) жанында душманга катуу сокку урган. 216-ж. Г-дын аскери Каннда чоң жеңишке жетишкен. 212-жылдан римдиктер күч алып, Сицилия, Испания, Италияда бир нече жолу жеңишке ээ болгон. 211-я?. Карфа-генди басып алган. Жардамга келаткан Гасдрубал Метаврдын жанында талкалангандан кийин (207) Г. өтө алсыраган. Зама ш-нын жанында Г-дын аскери толук талкаланып (202), Карфаген жеңилген (201). Согуштан кийин Г. суффет (мамл. жог. бийлик) болуп дайындалып, Кар-фагенди башкарган. Жаңы согушка даярдык көрүп жатат деп шектенген римдиктердин кысымынан Г. 195-ж. Сирия падышасы Антиох Шгө качып барып, аскер кеңешчиси болгон. Рим м-н болгон согушта (192—188) Антиох Ш жеңилип, римдиктер Г-ды кармап берүүсүн талап кылганда Г. Арменияга, кийин Вифинияга барып жашырынган. Римден корккон Вифиния падышасы Пруссий карматтыр-мак болгондо Г. уу ичип өлгөн. Г.— байыркы дүйнөдөгү ири полководец-тердип бири. Римден жеңилип калса да, Г. согуш иск-восунун тарыхында олуттуу из калтырган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *