ГАНЗА

от2020

Ноя 27, 2020

(нем. Hanse — союз, шерик-тештик) — немец жеринин түндүгүн-дөгү шаарлардын 14— 16-к-дагы соода союзу. Борбору Любек ш. болгон. Г. 14-к-дын 2-жарымы—15-к-дын башында гүлдөп турган. Ага 100гө жакын шаар кирген. Г. Европанын батышы м-н борборунда текстиль ж-а тоо-кен өндүрүшүнүн жогорулашына түрткү берген, бирок Чыгыш Европада ушул тармактардын өнүгүшүн кечеңдетип, жерг. көпөстөрдүн соодасына жолто кылган. Англия, Россия ж. б. өлкөлөрдө улуттук экономиканын өнүгүшү (15—16-к.) ал өлкөлөр м-н Г-нын карама-каршылыгын күчөткөн. Г. 15-к-да Россияда, 16-к-дын ортосунда Голландияда, Англияда, Францияда күчүн жоготкон.

от 2020