Мохандас Карамчанд (2. 10. 1869, Порбандар—30. 1. 1948, Дели) — Индиянын улуттук-бошт. кыймылын баштагандардын бири, гандизм идеологиясын негиздөөчү. 1887—91-ж. Англияда укук билимин алып, 1893- жылга чейин Бомбейде адвокаттык кылат. 1893—1914-ж. Түш. Африкада-гы соода фирмасында юрисконсульт болуп, расалык дискриминациям ж-а кодулоого каршы индиялыктардын күрөшүн башкарган. Күч колдонбой каршылык көрсөтүү тактикасын (сать-яграханы) иштеп чыккан. 1915-ж. январда Индияга келип, Улуттук конгресс партиясы (ИУК) м-н байланышат да, көп узабай анын идеялык башчысы болот. Г-нин жетекчилиги м-н Улуттук конгресс партиясы элге барктуу антиимпер. уюмга айланат. Г. Индиянын улуттук боштондугу, өзүнчөлүгү үчүн күрөшкө бүт өмүрүн жумшаган. «Бөлүп алып, бийлей бер» деген импер. саясаттын ар кандай көрүнүштөрүнө, индус ж-а мусулман жаңжалдарына, касталардын сакталып калышына чечкиндүү каршы чыккан; өлкөдө диний негиздеги ча-тактардын чыгышына жол бербөөгө көп күч жумшаган; англ. колониячы-ларга каршы тынч демонстрациялар өткөрүү, чет өлкөлүк товарларга бойкот жарыялоо, салык төлөөдөн баш тартуу сыяктуу күрөш чаралары м-н эмгекчилерди улуттук-бошт. кыймылга тарткан. Нечен жолу камакка алынып, түрмөдө олтурган (1922—24, 1930—31, 1942—44). Г. 1948-ж. 30-ян-варда индиялык шовинисттик уюмдун мүчөсү колдуу болун өлгөн.

Чыг.:  Моя жизнь, пер. с англ., М., 1969.

Ад.:   Комаров Э. Н., Литман А. Д., Мировоззрение Мохандаса Карамчанда Ганди, М., 1969.

от 2020