ГАНДИЗМ

— диний-филос. ж-а соци-алдык-саясий доктрина; Индиянын улуттук буржуазиясы м-н улуттук-бошт. кыймылынын идеологиясы. М. К. Гандинин ысмынан ж-а окуусу-нан келип чыккан. Г-дин негизги саясий принциптери ж-а мүнөздүү белгилери: Индиянын көз карандысыз-дыгына тынчтык жол м-н, күч колдонбой, кеңири эл массасын тартуу аркылуу жетишүү; Индия улуттук конгрессинин жетекчилиги м-н динине, улутуна, кастасына, табына карабастан индиялыктарды көз каранды-лыктан кутулуу үчүн күрөшкө бириктирүү. Г. фипософиясындагы идея — кудай бар экенин далилдөө, ,аны акыйкат м-н бир катар коюу. Гандинин пикиринче, акыйкат деген гносео-логияга караганда диний-этикалык категорияга жакын. Ага жетүү үчүн адам моралдык жактан өсүп, акыйкатты өзүнөн табууга аракет кылууга тийиш. Ганди акыйкатты абсолют-туу ж-а салыштырмалуу деп экиге бөлөт: биринчиси — «түбөлүк принцип» («кудай»), экинчиси — адамдын аң-сезиминде гана жашаган нерселер. Акыйкаттын идеалисттик көз караштан түшүндүрүлүшү Гандинин көз карашында релятивизм м-н скептицизм элементтеринин бар болушунан келип чыккан. Г. реалдуулуктун ички каршылыгын ж-а закон ченемин танып, метафизикалык позицияда турат. Анын этикасы жандууга зыян келтирбөө керек деген ахимса идеясына негизделип, мээримдүү ж-а боорукер болууга чакырган жайнизм жоболорун камтыйт. Г-де «мээрим закону» моралдык күчкө айланып, «жапа чегүү закону» м-н толукталат. Г. билип туруп атайы азап чегүүнү, ар дайым жан кыюуга даяр болууну ахимса идеясын жактоочулардан талап кылат. Г. коомдук-саясий проблемаларды моралдык көз караштан баалоого көп көңүл бурган. Ганди иштеп чыккан улуттук-бошт. күрөштүн тактикасы — сатьяграханын (чындыкка өжөрдүк м-н жетишүү) негизги принциби — күч колдонбоо; анын ою б-ча Индиянын Англия үстөмдүгүнөн бошонуп, өзүн өзү башкарышы (свараж) күч колдонбой .турган чаралар м-н гана ишке ашырылышы керек, күрөштүн күч колдонбогон жолу ар кандай маселелерди чечүүнүн универсал куралы. Бирок Япония Индияны басып алууга аракеттенгенде Ганди бул жобону бузуп, ага сокку берүү үчүн куралдуу күч пайдалануу керектигин талап кылган. Ганди инди коомунун бардык таптары таптык кызматташ-тыкта болгондо гана «сатьяграха» иш жүзүнө ашырылат деп ойлогон. Ал «опека» теориясын жактап, капита-листтердин жумушчуларга, помещиктердин дыйкандарга жардам берип турушуна чакырган. Ганди буржуазиянын идеологу болгондуктан, коомду кайра түзүүгө үндөгөн эмес. Ган-динин этикалык көз карашы жакыр-лыкка боорукердик м-н карап, коомдогу прогресс адамдын өсүп жаткан муктаждыгын камсыз кылуу м-н эмес, аны ыктыярдуу түрдө чектөө аркылуу ишке ашырылышы керек деген тыянакка алып келген. Азыркы Индиянын идеялык-саясий ж-а таптык күрөшундө Г-дин доктринасы кеңири колдонулуп жатат. Өлкөдөгү реакциячыл күчтөр Г-ди өз мүдөөсү үчүн пайдаланып, Индира Ганди башкарган өкмөт иш жүзүнө ашырган прогрессчил чаралар (мамл. секторду күчөтүү, индустриялаштыруу, моно-полиялардын укугун чектөө, жер реформасы ж. б.) Г-ге карама-каршы келет деп жарыялашкан.

Ад.:   Новейшая история Индии, М., 1959; Март ы шин О. В., Политические взгляды М. К. Ганди, М., 1970.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *