ГАНГ

Ганга (санскритче ганга — дарыя) — Индия ж-а Бангладеш жериндеги чоң дарыя. Брахмапутраиы кошо алганда суусунун молдугу жагынан Амазонка ж-а Конго д-ларынан кийинки орунда. Уз. 2700 км, алабы-нын аянты 2055 миң км2 (Брахмапутраиы кошпогондо 1120 миң км2). Ги-малайдан башталып, Бенгал булуңуна куят. Брахмапутра д-на кошулуп, деңизге куйган жеринде дүйнөдөгү эң ири дарыя дельтасын түзөт. Чоң куймалары оң жагынан — Жамна, Сон; сол жагынан — Гомати, Гхагхра, Гандак, Махананда. Жог. агымы (Хар-давар ш-на чейин) терең ж-а кууш өрөөндөр аркылуу агат да, босоголуу келет. Ортоңку ж-а төмөнкү агымында Инд-Ганг ойдуңуна чыгат. Чатынан 1450 км ге чейин кеме жүрөт. Г. кар, мөңгү ж-а муссондук жаан-ча-чындан куралат. Суу апрелдип аягы— майдын башында кирип, августтун аягы — сентябрдын ортосуна чейин созулат. Катуу киргенде суу деңгээли 15 м ге чейин көтөрүлөт. Жылдык орт. чыгымы чагында (Брахмапутра м-н бирге) 35—38 миң мъ(сек. Жылына орто эсеп м-н 350 млн т га жакын ылай ж-а эриген минерал заттарды алып келет. Г-нын экон. мааниси чоң; анын алабында Дели, Агра, Мурадабад, Канпур, Илахабад (Аллахабад), Варанаси (Бенарес), Патна, Калькутта ж. б. чоң шаарлар жайгашкан. Г. сугат ишине кеңири пайдаланылат. Гидроэнергет. ресурсу (болжол м-н) 150—160 млн кет, бирок анча өздөштүрүлө элек. Жерг. эл касиеттүү, ыйык деп Г-га сыйынышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *