ГАНГРЕНА

от2020

Ноя 27, 2020

(гр. gangraina…) — дененин же ткандын бир бөлүгүнүн (мүчөсүнүн) чириши; некроздун бир түрү. Тканга кычкылтек барбай же жетишпей калганда, көбүнчө жүрөктөн окчун мүчөлөрдө (кол-бут манжала-рында) ж-а кан айлануу бузулган жерлерде (жүрөктүн ж-а өлкөнүн ин-фарктында) пайда болот. Г. сырткы ж-а ички себептерге байланыштуу. Тышкысына мех. (мүчөнүн майыпка учурашы, кан тамыр м-н нервдердин жарадар болушу), физ. (дененин бир бөлүгүнүн күйүтү же үшүк алышы), химиялык (кислоталардын, щёлоч-тун денеге тийгизген таасири) факторлор кирет. Ичкиге ткандардын азыктапышынын бузулушуна алып келүүчү кызыл кан тамыр түркүгү-нүн түрдүү абалдары ж-а процесстери (атеросклероздун натыйжасында кан тамырлардын бүтөлүп же ичкерип кетиштен пайда болгон инфаркт, тромбоз) кирет. Г-нын кургак ж-а нымдуу түрлөрү бар. Кургак Г. ткандардагы кандын тез токтошунан пайда болот, ага чирит-кич микробдор аралашпайт. Дененин кургак Г. болгон бөлүгү адегенде кубарып, көгүлтүр тартып муздайт. Бара-бара кургайт, чүрүшөт, кара күрөң тартып же карарып кетет. Бул көбүнчө кол-бут, мурун, кулак тканда-рын үшүк алганда же алар күйгөндө болот. Нымдуу Г-да ооруган жер адегенде күрөң тартып же көгөрүп шишийт, көлөмү чоңоет; акырында ткандар былбырап, жумшак массага айланып чирий баштайт, коңурсуп жыттанат. Оорулуунун абалы начарлап, эти ысыйт. Дарылоо Г-ны пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлөт.

Ад.:   Давыдовский И. В., Гангрена конечностей, в кн.: Патологическая анатомия и патогенез болезней человека, 3 изд., т. 2, 1958.

от 2020