ГАНА

от2020

Ноя 27, 2020

Гана Республика- сы — Батыш Аф-^№%Ш\ш£№чу рикадагы мамле-.-^А^шйяШДьА кет— Британия СхК^^^^ЖЗ Ынтымагына ки->40щ$11г*зшЬ рет. Батышынан — ЖДчзег Дил Сөөк Жээги, тгрь-батыш ж-а түндүгунөн Жог. Шзп>тщ\ чыгышынан Того м-н чекте-шет. Түштүгунөн Гвинея булуңу чулгап жатат. Аянты 238,5 миң км2. Калкы 10 млн-го жакын (1974). Борбору—Аккра ш. Админ. жагынан Г. 8 областка бөлүнөт. Мамлекеттик түзүлүшү. 1972-ж. 13-январдагы аскердик төңкөрүштөн кийин Г-нын 1969-ж. 22-августта кабыл алынган конституциясы ж-а бийликтин шайланма жог. органдары жоюлган. Бардык бийлик Улуттук куткару у советинин (УКС) колуна өткөн. УКСтин башчысы — аткаруу советинин (өкмөттүн) пред-ли, коргоо ж-а финансы министри. Жерг. бийлик ст. офицерлердин колунда. Мамл. гербин ж-а мамл. желегин к. Мамлекеттик герб, Мамлекеттик желек макалаларынын таблицасынан. Табияты. Г-нын аймагы түздүктүү келип, борб. бөлүгүн кең плато (би-йикт. 500 м ге чейин) ээлеп жатат. Атакора тоосунун (бийикт. 876 м ге чейин) түш. бөлүгү Г-нын аймагына кирип турат. йин улуттук-бошт. кыймыл күчөдү. 1947-ж. улуттук уюм — Алтын Жээктин Бириккен конвенти түзүлдү. Ал өлкөгө көз карандысыздык берүүнү талап кылды. 1949-ж. июнда Кваме Нкруманын демилгеси м-н Конвенттин элдик партиясы (КӨП) түзүлүп, ал 1951-ж. шайлоодо жеңип чыкты. КЭП Кваме Нкрума (1909—72) башында турган Алтын Жээк колониясы-нын өкмөтүн түздү. 1957-ж. 6-мартта Алтын Жээк көз карандысыз деп жарыяланып, Гана мамлекети аталды да, 1957-ж. 8-мартта ООНго кабыл алынды. Соц. мамлекеттер м-н, асыресе СССР м-н (1959) дипл. мамиле курду. 1960-ж. СССР м-ң экон. ж-а маданий ынтымактын келишимине кол коюлду. 1960-ж. 1-июнда Г. респ-ка болуп жарыяланды. Президент К. Нкруманын жетекчилиги м-н өлкөдө бир катар прогрессчил чаралар жүргүзүлдү. 1962-ж. КЭПтин 11-съезди партиянын «Эмгек менен бакыт үчүн» деген жаңы программасын кабыл алды. 1966-ж. 24-февралда Кваме Нкрума сыртта сапарлап жүргөндө полиция башчылары м-н армия офицерлери мамл. төңкөрүш жасады. Генерал Анкра башындагы Улуттук Боштондук совет (УБС) түзүлүп, бүткүл бийлик анын колуна өттү. Өлкөнүн экономикасьшда капит. жеке менчик сектору күчөтүлүп, мамл. сектордун бир катар ишканалары жеке менчик ээлерине сатылды, мамл. чарбалардын көбү жоюлду. Өкмөт кооперациялык ендүрүштөргө көмөк көрсөтүүдөн баш тартты. УБС импер. мамлекеттерден жардам сурап, мамл. ишканаларды пайдаланууга катышууга аларга укук берди. Г-нын ө. ж-н өнүктүрүү үчүн жардам көрсөтүп жаткан сов. адистер кетүүгө мажбур болду. 1969-ж. апрелде генерал Анкра бийликтен четтетилип, ордуна генерал Африфа келди. 1969-ж. майда өлкөдө саясий иштерге уруксат берилип, ага кийин кайра тыюу салынган. 1969-ж. августта кабыл алынган жаңы конституция б-ча Г. парламенттик респ-ка ден жарыяланды. 1969-ж. 29-августтагы шайлоодо — Прогресс партиясы жеңип чыгып, анын лидери К. А. Бусия премьер-министрлик пост-ту ээледи. 3-сентябрда генерал Африфа башкарган үч кишиден турган Президенттик комиссия түзүлдү. 1970-ж. 30-июлда Улуттук чогулушта Президенттик комиссия таркатылып, 31-августта Э. Акуфо-Аддо президент болуп шайланды. 1972-ж. 13-январда Г-да мамл. төңкөрүш жасалып, өкмөт бийлиги полковник Ачеампонг башкарган Улуттук куткаруу советине тийди. Саясий партиялары жана проф-союздары. Саясий партияларга тыюу салынган. Гананын профсоюз-дар конгресс и, 1957-ж. негизделген. Экономикасы. Г. колон. мезгилде өтө артта калган. 1957-жылга чейин иштеп чыгаруучу ө. ж. жок болгон. Көз карандылыктан кутулгандан баштап 1966-жылга чейин экономикасы тез темп м-н өнүктү. Мамл. сектор чыңалды. 1966-жылдагы төңкөрүштөн кийин жеке капит. сектор кеңейүүдө. Г. какао-буурчак жыйноо ж-а аны экспорттоо б-ча капит. дүйнөдө 1-орунда. Алмаз казып алуу б-ча капит. өлкөлөрдүн ичинен 1-орундарда, ал эми алтын казып алууда 2- ж-а марганец б-ча 3-орунда. Г. экономикасьшда тоо-кен ө. ж. башкы орунда. Алтын, алмаз, марганецтен башка боксит, темир, бир аз нефть, ту; казып алынат. Иштеп чыгаруучу ө. ж. өнүгүүдө. Алюминий, металлур гия, нефть иштетүү, хим. ө. ж. пай да болду. Текстиль, трикотаж, тигүү тамак-аш ж. б. ишканалары бар. Жы гач ө. ж-нын продукциясы көбүн1» экспортко кетет. ‘ Аймагынын 10,7% айдоо аянты, 47% а. ч-га жарактуу. А. ч-сы ка-као-буурчак өстүрүүгө адистештирилген. Андан башка кола жаңгагы, копра, банан, дитрустар, арахис өстүрүлөт. Ички көректөөлөрүнө маниок, ямс, батат, таро, таруу, ак жүгөрү (сорго), жүгөрү, шалы, жашылча айдатат. Бал камышыпын плантация-сы кеңейтилүүдө. Мал чарбасы начар өнүккөн. 1972-ж. 950 миң уй, 1,5 миң кой, 1,7 миң эчки, 50 миң чочко болгой. Т. ж-дун жалпы уз. 1285 км, автомобиль жолунуку 33,2 миң км. Аккра-да эл аралык маанидеги аэропорт бар. Ири деңиз порттору — Тема ж-а Такоради. Сыртка какао буурчагы, жыгач, алмаз, алтын, боксит, марганец рудалары чыгарылат. Импортун-да машина, транспорт жабдуулары, тамак-аш продукциялары басымдуу. Негизги соода шериктери—Улуу Британия, ГФР, Нидерланд, Япония, СССР ж. б. соң. мамлекеттер. Акча бирдиги — седи. 1,15 седи — 1 доллар (1973). Эл агартуусу. 1960-ж. Г-да калктын 74%тен ашыгы сабатсыз болгон. 1961-жыл-дан 6—15 жашка чейин милдеттүү окуу киргизилген. Эл агартуу системасы бала бакчадан башталат. Балдар 6 жаштан сегиз жылдык башталгыч мектепке кабыл алынат. 1-класстан эне тили м-н катар англис тилин окушат. Орто мектеп 6 жылдык, айын 2 баскычы (4 ж-а 2 жылдык) бар. Жалпы билим берүүчү мектептердин бардыгында дин окутулат. со, социалдык ж-а саясы! темалардагы чыг-лар көз карандылыктан чыккандан кийин (1957) жаралды (Дадсон, Аддо, Ньяку ж. б.). Поэзия, драма ж-а проза оозеки чыг-лардын салтында өнүгүүдө. 60-жылдардын ортосунан роман жанры (К. Арма, «Сонундар али жарала элек», А. Айдо, «Анова» ж. б.) жакшы өнүгө баштады. Ад-тчыларды бириктирип турган союздар: Тил бюросу, Журналисттер ж-а жазуучулар бирикмеси, Батыш аф-рикалык жазуучулардын бюросу, Г. ад-тын өнүктүрүү б-ча комитет.Г-да төбөсү саман, пальма бутактары ж-а шифер м-н жабылып, чополон тургузулган майда үйлөр көп. Түн. Г-да жерг. жол башчылардын оймолонуп жасалгаланган дворец комплекстери сакталган. Г-нын түн. бөлүгүндө жаңы кварталдар, айнек, бетон ж-а алюминий колдонулган азыркы типтеги көп кабат имараттар (Аккра, Кумаси ш-ларында) ж-а жаңы шаарлар (Тема ж. б.) курулууда. 15—16-к-да чегүү, куюу, карапа, зергер-лик, жыгачка оюу салуу, кездеме токуу сыяктуу көркөм өнөр өнүгөт. Азыркы сүрөтчүлөр — Гана иск-во советине ж-а Гана сүрөтчүлөр коомуна бириккен. Өлкөдө иск-во ж-а мад-т ин-ту, арх-ра ж-а курулуш, иск-во ж-а кол өнөрчүлүк мектепте-ри иштейт. Г. элдеринин маданий салты жалпы улуттук болгону м-н, ар биринин музыкасы өзүнчө өзгөчөлүккө ээ. Г. музыкасы «башкы» акцент м-н бирге туруктуу кай-таланма ж-а туруктуу кайталанбас ак-центтердин колдонулушунан келип чыккан ачык ж-а «эркин» ритмдердин болушу м-н өзгөчөлөнөт. Муз. аспаптары ар түрдүү. Үйлемө аспаптардан най, керней кеңири таралган. 20-к-дын 50^жылдарыида европ. аспаптар колдонула баштаган; муз. ансамблдин жаңы тиби—хайлайф таралган. Көз карандысыз Г. мамлекети түзүлгөндөн кийин профессионал музыканын өсүшүнө шарт түзүлгөн. Г-нын белгилүү композиторлору — Э. Аму, Ф. Гбе-хо, К. Нкетия. Г. элдеринин баарында бий бар. 20-к-да көчмө концерт труппалары пайда болот. Г. ун-тинде муз. ж-а драма мектеби, бий ф-теттери чылат, элдик бий ансамбли уюштурулат (1962). Аккрадагы драма студиясы (1958) улуттук театр катары жерг. ж-а чет элдик авторлордун чыг-ларын коёт. 1961-ж. реж. Ф. Мориссо-Леруа «Театр-клуб» труппасын түзөт. 1965-ж. Улуттук драма коому уюшулат. 1968-ж. профессионал актёрлор бир нече драма коллективин уюштурат. Алардын бир труппасы 1961-ж. СССРге келип, «Обадзенг» комедиясын көрсөткөн.

Aд.: Потехин И. И., Становление новой Ганы, М., 1965; Александровская Л. И., Гана, М., 1965; Страны Африки, М., 1969; Вавилов В. Н., О современной литературе Ганы, «Народы Азии и Африки», 1962, № 6.

от 2020