ГАМСАХУРДИА Константин Симонович

Константин Симонович [3(15). 5. 1891—24. 7. 1975] —грузин совет жазуучусу. ГССР ИАнын акад. (1944). Дворян үй-бүлөсүндө туулган. Чыг-лыгы 1914-жылдан башталат. 1914-ж. Берлин ун-тин бүтүргөн. 1924— 25-ж. «Мен көрүп турган өлкө» новеллалар жыйнагын, «Дио-нисткн жылмаюусу» (1925) романын чыгарат. «Айдын уурдалышы» (1— 3-т\, 1935—36) романында коллективдештирүү мезгилиндеги эски ж-а жа-ңынын күрөшүн устаттык м-н сүрөттөгөн. «Улуу чебердин тиреги» (1939), «Давид Куруучу» аттуу тарыхый романдардын автору. Г. Дантенин («Ажайып тамаша»), Гётенин («Жаш Вертердин кайгысы») чыг-ларын грузин тилине которгон. Эки Ленин ордени, башка 2 орден ж-а медалдар м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *