(8. 9. 1923-ж. т., Дагстан, Хунзах р-ну, Ца-да кыш.) — авар совет акыны, Дагстан эл акыны (1959), коомдук ишмер, Соң. Эмг. Баатыры (1974). 1944-жылдан КПСС мүчөсү. Эл акыны Гамзат Цадасанын уулу. 1945— 50-ж. Москвадагы М. Горький атн. Ад-т ин-тунда окуган. Ырлары 1937-ж. жарыяланып, 1943-ж. туңгуч жыйнагы чыккан. «Биздин тоолор» (1947), «Менин жерим» (1948), «Тоо-яуктун мекени» (1950), «Улуу агам жөнүндө баян» (1952), «Дагстан жазы» (1955), «Жүрөгүм менин тоолордо» (1959) жыйнактарында, «Тоо кызы» (1958) поэмасында Дагстандык жаңы турмушун, тоолуктар-дын психологиясындагы өзгөрүштөр-дү, бузулгус эл достугун даңазалай. Гражд. пафос, улуттук ж-а интерн, көркөм салттарды айкалыштыруу, назик юмор ж-а лиризм, социалдык сергектик, туулган жеринин табиятын, адамдардын ички дүйнөсүн жан-дил м-н таасын сүрөттөө—Г-дун поэзиясынын негизги өзгөчөлүгү. Акынга «Мен туулган жыл» (1950) ырлар ж-а поэмалар жыйнагы үчүн СССР мамл. сыйлыгы (1952), «Бийик жылдыздар» (1962) жыйнагы үчүн Лениндик сыйлык (1963) ыйгарылган. «Зарема» (1963), «Жазуулар» (1963), «Жылдызга жылдыз кеп салып» (1964), «Мулат кыз» (1966) жыйнактары, «Менин Дагстаным» (1—2-китеби, 1968, 1971) окурмандардын калың катмарына белгилүү. Г. балдар үчүн да жазат («Менин чоң атам», 1967). А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, В. В. Маяковский ж. б-дын чыг-ларын авар тилине которгон. Г-дун ырлары СССР элдеринин (айын ичинде кыргыздын) ж-а көп чет эл тилдерине которулган. СССР Жог. Советине (6—9-шайл.) депутат. 1962—66-ж. СССР Жог. Советинин Президиумуна мүчө болгон. Азия, Африка өлкөлөрүнүн тилектештигинин сов. комитетинин мүчөсү. 1951-жылдан Дагстан жазуучулар уюмун башкарат. Үч Ленин ордени, Октябрь Революциясы, дагы 3 орден ж-а бир нече медаль м-н сыйланган.

Чыг.:  Бийик жылдыздар, Фр., 1964; Менин Дагстаным, к. 1—2, 1971, 1973; Собр. соч., т. 1—3, М., 1968—69.

Ад.:   Огнев В. Ф., Расул Гамзатов, М., 1964; Антопольский Л., У очага поэзии, М., 1972.

от 2020