ГАМБИЯ

от2020

Ноя 27, 2020

Гамбия Республикасы — Батыш Африкадагы мамлекет, Британия Ынтымагынын составына кирет. Чыгыш, түн. ж-а түштүгүнөн Сенегал Респ-касы м-н жектешет. Батышы-нан Атлантика океаны чулгайт. Аянты 11,3 миң км2. Калкы 494 миң (1973). Борбору — Банжул ш. (40 миң киши). Ад-мин. жактан Г. 7 ок-ругга бөлүнөт. Мамлекеттик түзүлүшү. Г.— респ-ка. Азыркы конституциясы 1970-ж. апрелде кабыл алынган. Мамлекет башчысы — президент, 5 жылга шайланат. Закон чыгаруу бийлигинин жог. органы — бир палата-луу (өкүлдөр палатасы) парламент. Өкмөтү (кабинети) президенттен, ви-це-президенттен ж-а парламентке мүчө министрлерден (президент дзйьгн-даган) турат. Сот системасы: апелляциялык, жог., магистраттардын ок-ругдук соттору, мусулман укуктарынын (шариат) соттору. Мамл. гербин ж-а мамл. Желегин к. Мамлекеттик герб, Мамлекеттик желек макалаларынын таблицасынан. Табияты. Г-нын аймагы тегиз ойдуңдуу түздүк (бийикт. 100 м ге чейин). Түздүк Гамбия д-нын өйүз-бүйүз жээгин бойлой 350 км ге созулуп жатат. Өлкө кен байлыктарга жарды. Климаты экватордук-муссондук, жайы (июнь—окт.) жаанчыл, кышы (ноябрь — май) кургак. Банжулда июл-дагы орт. темп-pa 27°С, февралдагы-сы — 13°С Жылдык жаан-чачын 750— 1000 мм, деңиз жэжтеринде 1300— 1500 мм. Жери токойлуу (Г-нын жалпы аянтынын 29,2%), акаңиялуу ж-а баобабдуу саванналар басымдуулук кылат. Г. Гамбия д-нын өрөөндөрүн-дө дайыма көгөрүп туруучу тропиктик токойлор бар. Айбанаттардан маймыл, крокодил, куштар, курт-кумурска кеп. Калкы. Батышында фульбе, волоф, диола, манжак деген батыш банту (атлантикалык) тилдеринде сүйлөгөн элдер жашайт; чыгышын мандө тилдеринде сүйлөгөн малинке, сонинке ж. б. элдер мекендейт. Мамл. тили — англис тили. Көпчүлүк калкы фуль, волоф, мандинго тилдеринде сүйлөйт. Калкынын көбү (80%) мусулман, калгандары жерг. эски диндерге ишенет. Шаар калкы 12%. Тарыхый справка. Г-нын байыркы ж-а о. кылымдагы тарыхы толук изилдене элек. 13—15-к-да Г-нын терр-яеы Мали ж-а Сонгаи мамлекеттеринин составына кирген. Г-нын калкы (малинке, волоф, фульбе ж. б.) негизинен дыйканчылык кылышкан. 14—15-к-дан Г-га европалыктар келе баштайт. 1807-жылдан Г-нын бир бөлүгү Англияга колония болот. 1850—74-ж. бир катар уруу жол башчыларына протекторат ж-дөгү келишимди таңуулап, Улуу Британия Г-ra жаңы аймактарды кошот. 1902-ж. Гамбия д-нын өрөөнү бүт (Сента-Мэри а-нан башкасы) Британия протектораты болуп жарыяланат. Г-нын калкы колонизаторлорго каршылык көрсөтүп турган. Экинчи дүйн. согуштан кийин Африка өлкөлөрүндө бошт. кыймыл күчөп, саясий партиялар түзүлөт. Англиялыктар аргасыз реформа жүргүзөт. 1965-ж. 18-февралда Г-вын көз карандысыздыгы жарыяланат, бирок иш жүзүндө өлкө Англияга көз каранды бойдон калат. 1970-ж. 24-апрелде Г. респ-ка болуп жарыяланган. Г-нын өкмөтү саясий блокторго кошул-боо саясатын жактайт. Анын башкаруучу чөйрөлөрү бардык өлкөлөр м-н достук ж-а кызматташтыкты енүктүрүүгө умтулат. СССР м-н Г-нын ортосунда дипл. мамиле 1965-ж. 17-июлда түзүлгөн. 1965-ш. Г. ООНго кабыл алынды. Саясий партия дары, профсоюз жана коомдук уюмдары. Элдик п р о-грессчил партия (ЭПП) 1959-ж. негизделген (өлкөнү башкаруучу партия). Бириккен партия (БП) 1951-ж. негизделген (оппозицияда) . Г-нын эмгек Союзу 1928-ж. негизделген; Профсоюздардын Бүткүл дүйн. федерациясына ж-а Профсоюздардын Бүткүл африкалык федерациясына кирет. Г-нын жумушчулар Союзу 1957-ж. негизделген; Эркин профсоюздардын эл аралык конфедерациясына кирет. Г-нын профсоюздарынын Конгресс! 1973-ж. негизделген; бир катар майда профсоюздарды бириктирип турат. Жаштардын улуттук Совети 1966-ж. уюшулган. . Экономикасы. Г.—Африкадагы экон. жактан эң артта калган агрардык өлкө. Көз карандысыздыгы жарыялангандан кийин (1965) бир жактуу чарбаны жоюуга ж-а экономиканы көтөрүүгө бет алды. Экономикасынын алдыңкы тармагы — а. ч. Майда дыйкан чарбасы басымдуу. Г. аймагынын Vs бөлүгү дыйканчылыкка жарактуу. А. ч-ндагы калктын негизги жумушу — жер жаңгагын (арахис) өстүрүү (көбүнчө экспортко кетет). Башкы тамак-аш өсүмдүктөрү: шалы, таруу, ак жүгөрү (сорго), маниок, жүгөрү, буурчак, банан ж-а цитрус. Майлуу пальма жемишин чогултушат. Деңиз балыгын уулашат. 1972-ж. 270 миң уй, 83 миң кой, 90 миң эчки, 7 миң чочко болгон. Ө. ж. өтө начар өнүккөн, а. ч. продукңиясын алгач иштеп чыгаруучу майда ишканалар бар. Алардын көпчүлүгү жеке менчик ж-а англ. компаниялардын колунда. Банжулда, Кау-Урда ж-а Кунтаурда арахис тазалоочу з-д, май (арахис майын) чыгаруучу, З күрүч тегирмени, тактай тилүү з-ду, кийим тигүү ф-касы, самын кайнатуучу з-д бар. Банжул м-н Баррада дарыя ке-мелерин куруучу устаканалар иштейт. Гамбия д-сы м-н 350 км аралыкта кеме жүрөт. Т. ж. жок. Автомобиль жолунун уз. 1,3 миң км. Сыртка негизинен арахис ж-а анын продуктуларын чыгарат, сырттан текстиль буюмдарын, машина ж-а жабдуу алат. Соода шериктери: Улуу Британия, Нидерланд, Япония ж-а Франция. Акча бирдиги—даласи. 1 да-ласи=0,25 англ. фут стерлинг (1974). Маданияты. Өлкөдө милдеттүү билим берүү ж-дө закон шок. 6 жашка толгон балдар 6 жылдык башталгыч мектепке алынат. Окуу англис тилинде, анда жерг. африкалык тилдердин бири кошо үйрөтүлат. Грамматикалык (толук — 7 жылдык) ж-а азыркы (толук эмес — 4 жылдык) деп аталган эки типтеги орто мектеби бар. Кесипке үйрөтүү ар кандай мөөнөттө төмөнкү кесиптик мектептерде ж-а кесиптик окуу жайларда 3 жылдык мөөнөттө ишке ашырылат. Башталгыч мектептердин мугалимдерин 3 жылдык пед. коллеж даярдайт. Г-да жог. окуу жайлар жок. Жог. билим алыш үчүн толук орто мектепти бүткөндөр чет өлкөлөргө барып окушат.Г. Эльба-Траве каналы аркылуу Балтика деңизиндеги Любек порту м-н байланышат. Автомобиль, аба ж-а т. ж. тоому. Шаарда кеме, машина куруу, түстүү металлургия, химия, электр техника, полиграфия, нефть иштетүү ж-а тамак-аш ө. ж. өнүккөн. Г. 9-к-дан белгилүү. Шаарда ун-т, ил. из. ин-ттары, театр, жог. муз. ж-а сүрөт мектеби бар. Г-да 1867-ж. К. Маркстын «Капиталынын» 1-басылышы чыккан.

от 2020