ГАЛЬЧЕНКО

от2020

Ноя 27, 2020

Иван Петрович (21. 7. 1880, Бондари кыш., Полтава губ.— 6. 8. 1971, Фрунзе ш.) — сов. сүрөтчү, Кыргыз ССР иск-восуна эмг. сиң. ишмер (1955). Москвадагы живопись, ийчилик ж-а арх-ра окуу жайын бүтүргөн (1914). Чыгармачылыгын театр сүрөтчүлүгүнөн баштаган. 1936-ж. Кырг-нга келип, улуттук сүрөтчүлөр-дү тарбиялоого ж-а кыргыз сүрөт өнөрүн өнүктүрүүгө активдүү катышкан. Г.— пейзажчы ж-а живописчи. Негизги чыг-лары: «Чоң Чүй каналы-нын курулушу», «Тоо этегинде», «Кой айдоо», «Аламүдүн суу сактагычы» ж. б. Бул сүрөттөрүндө жаңырган > кыргыз жергесинин сулуулугун ж-а ; эмгек каармандарын чагылдырган. Чыг-лары бир нече ирет респ-калык, бүткүл союздук көргөзмөлөргө коюлган. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар м-н сыйланган.

от 2020