(гальвано… ж-а техника) — колдонмо электр хи-миянын бир тармагы; металл ж-а металл эмес буюмдардын бетине электролиз жолу м-н металл чайноо. Г-га гальваностегия ж-а гальванопластика кирет. Гальваностегия — буюм бетине катуу чапта-лышкан металл катмарын алуу, ал эми гальванопластика — ар ТҮРДҮҮ нерселердин бетинин так көчүрмөсүн калыңыраак катмар кылып ажыратып (матрица) алуу процесстери. Г-ны орус илимпозу Б. С. Яко-би 1838-ж. ачкан. Г. электрдик крис-таллданууга, б. а. металл бирикмеле-ринин суу эритмеси аркылуу туруктуу электр тогу өткөндө ал металл-дын оң заряддалган иондорунун ка-тодго (буюм бетине, матрицага) жабышып капталыщына негизделген. Гальваникалык процесстин сапаты электролиттин түрү ж-а составы, темп-расы, токтун жыштыгы ж-а ара-лаштыруунун тездиги м-н аныкталат. Электролит жөнөкөй ж-а комплекстүү бирикмелерден турат. Мис, гальван6″Стегияда жөнөкөй формадагы буюмдун бетин чайкоо үчүн колдонулуучу күкүрт кычкылдуу цинк электролитинде ток жышт. ЗОО о/ж2ге чейин жетет. Гальваникалык про-цессте турган металл катмарынын калыңдыгы буюм бетинин бардык (оюк ж-а томпок) жеринде бирдей болууга тийиш. Бул процессте буюм бетине кантала турган металл ж-а ионду толуктагыч катары эсептелген аноддун сапатына көбүрөөк талан коюлат. Аноддун составында каптооч-тун сырткы түрүнө ж-а структурасы-на тез таасир тийгизчү когпулмалар болууга тийиш эмес. Гальваникалык жол м-н буюм бетине ар түрдүү металл (алюминий, цинк, хром, платина, алтын, күмүш ж. б.) жалатылат. Гальваностегия ж-а гальванопластика процесстери гальваникалык ваннада иштелет. Ваннанын өлчөмүнө ж-а электролиттин таасирине жараша алар карапа, чоюн, болот, орг. айнек ж. б. материалдардан жасалат. Гальваностегия автомобиль куруу, авиация, радиотех. ж-а электрондук ө. жайлар, ал эми гальванопластика по-лиграфияда ж-а грампластинкаларды даярдоодо кеңири колдонулат.

Ад..- Лайнер В. И., Современная гальванотехника, М., 1967; Гиндлин В. К., Гальванотехника в полиграфии, М., 1965.

от 2020