ГАЛУА Эварист

от2020

Ноя 27, 2020

(26. 10. 1811, Париж-дин жанындагы Бур-ла-Рен — 30. 5. 1832, Париж) — француз математиги. Респ-каны жактаган революционер. 1830-ж. Жог. нормалдуу ■ мектепте окуп жүрүп, саясий күрөшкө катышкан. Королдук режимге каршы чыкканды™ үчүн эки жолу түрмөгө камалган. Түрмөдөн чыгары м-н дуэл-ден каза болгон. Г-нын математикалык эмгектери өз доорунан алдыда турган. Ал (азыр Галуа теориясы деп аталган) чектүү талаалардын теория-сын түзгөн. Г-нын негизги эмгеги Ж. Лагранж м-н Н. Абель баштаган алгебр, теңдемелердин радикал аркылуу чыгарылышы жөнүндөгү изилдөөлөрдүн негизинде жазылган. Анын идеялары табият таануу м-н квант механикасында колдонулат.

от 2020