ГАЛЛЕ

от2020

Ноя 27, 2020

Халле— ГДРдеги шаар, Заале д-нын жээгинде, Галле округунун админ. борбору. Калкы 260 миң (1970). Автомобиль, т. ж. тоому ж-а дарыя порту. Жерг. калий тузу м-н күрөң көмүрдү пайдалануучу химия ө. жайынын башкы району. Түрдүү машиналар (асыресе станок ж-а вагон) куруу, тамак-аш (айрыкча кант), цемент, жыгач иштетүү ө. ж. өнүккөн. Өлкөнүн китеп чыгарчу борборлорунан. Табият ИА (1652), ун-т (1694), зоопарк, алгачкы доор тарыхынын музейи бар.

от 2020