—жарык комета. Аны 1-жолу англис астроному Э. Галлей байкап, эллипс орбитасы б-ча Менделеевдин мезгилдик системасынын Ш тобундагы хим. элемент, ат. н. 31, ат. м. 69, 72. Г. массалык сандары 69 ж-а 71 болгон 2 изотоптон турат. Г-дин негизги касиеттерин 1870-ж. Д. И. Менделеев алдын ала айтып, аны «экаалюминий» деп атаган. 1875-ж. франц. химик П. Э. Лекок де Буабодран спектрдик анализ аркылуу бөлүп алган. Г. жер кыртышында салмагы б-ча 1,5-10—3%. Г.—күмүш түстүү ак металл; 29,8°Сде эрип, 2230°Сде кайнайт. Хим. касиети жагынан алюминийге өтө окшош. 260°С-ден жог. темп-рада абада кычкылда-на баштайт (жог. кычкылы Оа2Оз), галогендер м-н кадимки шартта биригип, галогениддерди Gar3 пайда кылат. Азот, күкүрт, туз к-таларында, падыша арагында оңой эрийт. Г. туз-дарынын суудагы эритмелеринде суу кычкылы Ga(OH)3 пайда болот. Ал амфотердик касиетке ээ, А1(ОН)3 кө караганда кислоталык касиети күчтүүрөөк. Г. алюминий же ңинк кон-центраттарынан бөлүнүп алынат. Ал оптикалык күзгүлөрдө, жог. темп-ра-лар үчүн термометрлерде, жарым өт-көргүчтөр даярдоодо колдонулат.

Ад.:   Ерёмин Н. И., Галлий, М., 1964; З е л и к м а н А. Н., К р е й н О. Е., Самсонов Г. В., Металлургия редких металлов, 2 изд., М., 1964.

от 2020