ГАЛЛАХЕР Уильям

(25. 12. 1881— 12. 8. 1965) — Англиянын ж-а эл аралык жумушчу кыймылынын ишмери, Улуу Британия компартиясын негиз-дөөчүлөрдөн. Жумушчунун үй-бүлөсүнөн. Биринчи дүйн. согуш (1914—18) убагында күчөгөн фабрика-заводдук старосталардын кыймылына, Шотландия кенчилеринин ж-а кеме куруучу жумушчулардын иш таштоолоруна жетекчилик кылган. Бир нече жолу камалган. 1920-ж. Г. Москвага келип, Шотландия жумушчуларынын атынан Коминтерндин 2-конгрессине катышкан. 1921-ж. Улуу Британия ком-партиясына кирип, ошол эле жылы БКнын мүчөсү ж-а БКнын Саясий бюросунун мүчөлүгүнө шайланган. 1935—50-ж. парламенттин депутаты. Улуу Британия компартиясынын Аткомунун пред-ли (1943— 56), президенти (1956—63), 1963-жылдан өмүрүнүн акырына чейин аткомдун ардактуу мүчөсү. У. Галлахер.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *