— Галиция ж-а Владимир-Волынь княздыктарынын биригишинин (1199) натыйжасында түзүлгөн феод, орус княздыгы. Днестр, Висла, Нарев ж-а Припять д-ларынын баш жагына жайгашкан. Г.-В. к-нда кол өнөрчүлүк, шаарлар, феод. ири жер ээликтер өнүгүп, боярлар саясий жактан чоң роль ойногон. Анын биринчи кня-зы Роман Мстиславович (1170— 1205-ж. башкарган) Киевди каратып, улуу князь титулун алган (1203). Ал өлгөндөн кийин Г.-В. к. майда княз-дыктарга бөлүнүп, айрым жерлерин венгр ж-а поляк феодалдары басып алган. Новгород князы М. М. Удалой Галиңиядан венгр феодалдарын кууп чыккан (1221) соң, Волында Даниил Романович (1221—64-ж. башкарган) бийликке келип, 1229-ж. Волынды, 1245-ж. бүткүл Түш.-Батыш Русту бириктирген. Д. Романович Алтын Ордого номинал вассал экенин (1245) таанып, аны м-н кылдат мамилелеш-кен. Г.-В. к-нын батыш чек арасындагы абалды бекемдөө үчүн Рим па-пасы Иннокентий 1Унүн өкүлдөрү м-н болгон сүйлөшүүлөрдү пайдаланып, 1254-ж. король титулун алган ж-а чиркөө униясынан баш тартуу жолун тапкан. 13-к-дын 1-жарымында Г.-В. к-нда мад-т кыйла жогорулап, китеп басуу, жыл баяны (летопись) кеңири тараган. 1259-ж. Г.-В. к-н монтол-та-тарлар басып алган. Даниил өлгөндөн кийин (1264) Г.-В. к. 4 майда княз-дыкка бөлүнгөн. 1340-ж. Г.-В. к. Литва улуу княздыгына кошулган. 1352-ж. Галиция Полынага, Волынь Литвага тийген.

Ад.:   П а ш у т о В. Т., Очерки по истории Галицко-Волынской Руси, [М.], 1950; Генсьорський А. У., Галицько—Во-линський лйопис, К., 1958.

от 2020