(байыркы рим дарыгери К. Галендин атынан) — өсүмдүктөрдүн (тамырынан, тамыр сабагынан, жалбырагынан, гүлүнөн, кабыгынан ж. б.) ж-а жаныбарлардын сырьёсунан атайын иштетүү жолу м-н тазартылып алынуучу дары-дармек. Г- Д- суу, спирт, эфир же спирт-суу аралашмасынын жардамы м-н сырьедон ажыратылып алынат. Г. д-нын кээ бири дары-дармек заттарынын спирттеги, суудагы эритмеси болот. Аларга маңыз, экстракт, мед. суу, спирт, пластырь ж-а линимент кирет. Г. д. гален-фармацевтикалык ишканаларда даярдалат. Азыркы фармацевтикалык ө. жайлар новогален (неогален) дарыларын суулуу, суу-луу-спирттүү, хлороформдуу спирт-түү абалда абдан тазартылган түрдө чыгарат. Г. д-нын таасири хим. таза заттарга жакын.

от 2020