ГАЛАПАГОС

от2020

Ноя 27, 2020

(исп. galapago — таш бака), Таш бакалуу аралда р, К о л о н архипелага — Тынч океан-дагы аралдар тобу. Түш. Американын батышында, экваторго жакын жатат. Экуадорго таандык. Аянты 7,8 миң км2, 16 аралдан турат. Калкы 3,3 мин; (1968). Жанар тоодон пайда болгон, бийикт. 1707 м ге жеткен өчкөн ж-а өчө элек жанар тоолор бар. Климаты кургак экватордук. Ксеро-фиттүү суккулент бадальг, тропиктик ж-а полярдык өсүмдүктөр өсөт. Жаныбарлардын башка түрлөрү м-н бирге тукуму куруп бараткан дөө таш бака, игуана кескелдириги да кезигет. Тоту куш, пингвин, түлөн ж-а антарктика ак чардагы, түрдүү куштар бар. Г-дун айбанаттар ж-а өсүмдүк дүйнөсүнө Ч. Дарвин байкоо жүргүзүп, аны түрлөрдүн чыгышы ж-дөгү теориясын негиздөөдө пайдаланган. Калкынын негизги кесипчи-лиги дыйканчылык (бал камыш) ж-а мал чарбасы.

от 2020