[14 (27). 7. 1902—24. 10. 1949]—украин совет жазуучуоу. 1923—28-ж. Вена ж-а Краков ун-ттеринде окуган. 1924-жылдан Батыш Украина Компартиясынын, 1949-жылдан КПСС мүчөсү. Жатырка рев-ячыл иштерге катышкан. Пролетарчыл жазуучулардын «Горно» тобун уюштургандардан. Камакта болгон (1934, 1937). Батыш Украина 1939-ж. СССРге кошулганда анын өсүшү ж-дө очерк, аңгемелер жазган. Улуу Ата Мек. согуш жылдарында фронттук газеталарда, радио-до кабарчы болуп иштеген. Ал — «Этенгеймдик Дон Кяхот» (1926—27), «99%» (1930), «Ячейка» (1932), «Таң алдындагы махабат» (1949) пьесала-рынын автору. Г. Украинадагы бурж. улутчулдар колдуу өлгөн. 1952-ж. «Тандалмалар» жыйнагындагы памф-леттери үчүн ага СССР мамл. сыйлыгы берилген.

Чыг.:  Избранное, М., 1958.

от 2020