ГАЛАКТИКА ЯДРОСУ

— Галактика борборунда диаметри 1000—2000 пс болгон жылдыздардын жыйындысы. Г. я. Аткыч топ жылдыздарынын багытында бизден дээрлик 10 000 пс (30 000 жарык жыл) аралыкта космос чаңы м-н капталып турат. Г. я-на кызыл гиганттар ж-а кыска мезгилдүү цефеиддер кирет. Алар II типтеги кары жылдыздар деп аталат. Өтө чоң гиганттар м-н классикалык цефеиддер I типтеги жаш жылдыздарды түзөт. Күн системасы Галактика борборун 250 км/сек га жакын ылдамдык м-н 180 млн жылда толук бир айланып чыгат. Эң күчтүү радио нурларды чыгарган Г. я-нда чоң жарылуу мындан 2 млн жыл мурда болуп өткөнү аныкталган. Азыркы учурда жарылуудан чыккан ысык суутектин чубалжыган узун булутунун басымдуу көпчүлүгү 1000 км/сек га жакын ылдамдык м-н таралууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *