— суйдаң газдардан түзүлгөн булуттар м-н чаңдардан турган түрдүү формадагы асман объектилери. Г. т. түрү б-ча планеталык ж-а диффузия-лык, физ. табияты б-ча газ, чаң. ж-а газ-чаң тумандуулуктарга бөлүнөт. Планеталык тумандуулуктардын сырткы көрүнүштөрү алыскы планеталардын (Уран, Нептун) дискасына окшош болгондуктан ушундайча аталып калган. Формасы тегерек же эл- \ липс түрүндө болуп, жарыктануула-ры бир калыпта болбойт да, ядроло-рунун темп-расы 30 000—100 000°Сге жетет. Алардын составында көбүнчө суутек, мындан тышкары гелий, кычкылтек, азот, көмүртек ж. б. жеңил элементтер кездешет. Тумандуулуктардын кабык (оболочка) массасы Күн массасынын 0,01—0,1 бөлүгүн түзөт. Биздин Галактикада бир нече ондогон миң Г. т-дын болушу болжолдош^. Алардын 400дөн ашыгы белгилүү. Диффузиялык тумандуулуктар метеорит чаңдары м-н газдардан түзүлгөн булут түрүндө болот да жарыкты өзүлөрүнө жакын жайгашкан өтө ысык ж-а жарык жылдыздардан алат. Жылдыздан алыс, бирок өзү жарык берип турган булуттар да кездешет. Диффузиялык тумандуулук үч класска бөлүнөт: эмиссиялык, чагылдыруучу ж-а күңүрт тумандуулуктар. Булардын массасы Күндүн 10дон тартып бир нече миңге чейинки масса-сын түзөт, ал эми темп-расы 10 миң градуска жетет. Күңүрт тумандуулуктар Саманчы Жолунан көп байкалат. Алар көп сандаган жылдыздардын жарыгы м-н даана бөлүнөт. Күңүрт тумандуулуктар космостук чаң болгондуктан, жылдыздардын жарыгын жутуп алышат.

Ад.:  В о р о н ц о в—В е л ь я м и н о в Б. А., Газовая туманность и новые звезды, М.— Л., 1948; Ш айн Г. А., Газе В. Ф., Атлас диффузных газовых туманностей, М., 1952; Амбарцумян В. А. [и др.], Теоретическая астрофизика, М., 1952; Ц е с е-в и ч В. П., Что и как наблюдать на небе, М., 1973.

от 2020