ГАЛАКТИКАЛАР

от2020

Ноя 27, 2020

— составына Күн системасы кирген биздин Галактикага окшогон эң зор жылдыз системалары. Г-дын эски аттары: «галактика-дан тышкаркы тумандуулуктар» ж-а «анагалактикалык тумандуулуктар». Алар асманда Саманчы Жолунан тышкары жарык тумандуулуктар түрүндө көрүнөт. Г-дын табияты 20-к-дын 20-жылдарында амер. астроном Э. Хаббл жакынкы Г. анча чоң эмес телескоптон караганда жарык так — тумандуулук түрүндөгү көрүнүшү начар эң кеп жылдыздардан турарын байкагандан кийин белгилүү боло баштады. Андагы жарык жылдыздардын ичинен Хаббл цефеид тибиндеги өзгөрмө жылдыздарды байкап, анын жарыгы б-ча ал жылдыз кирген системага чейинки аралык аныкталган. Ошентип, Г. биздин Галактикадан өтө алыс турары ж-а ага өлчөмдөш-түгү далилделген. Бизге эң жакын Г-га Саманчы Жолунун үзүндүсүнө окшогон Магеллан Булуту кирет. Ага чейинки аралык 46 килопарсекке (150 миң жарык жылы) барабар. Алыскы Г-га чейинки аралыктар кызыл жылытуу (Доплер эффекти б-ча Г-дын спектриндеги сызыктын жылышы) б-ча бааланган. Г-га чейинки аралык чоңойгондо кызыл жылытуу стати-калык өсүүгө ээ. Эң зор телескоптор аркылуу алынган сүрөттөрдө даана байкалган Г-га чейинки аралык 1 млрд парсектен да (3 млрд жарык — жылынан көп) алыс. Хаббл тарабынан сунуш кылынган Г-дын структуралык классификация-сынын негиздери б-ча Г. үч класска бөлүнөт: ядронун айланасында спираль түрүндө жайгашкан мүнөздүү эки жарык тармагы бар спирал-д у у, эллипсоид формасындагы э л-л и п с т ү ү ж-а туура эмес формага ээ болгон иррегулярдуу Г. Радио-астр-ялык изилдөөлөрдүн натыйжасында айрым Г-да топтолгон нейтрал суутектер бар экени байкалды. Нейтрал суутектер Г-дын газдуу бөлүктөрүнүн негизин түзүп, кууш эк-ватордук катмарга жайгашкан. Суу-тектен турган айрым булуттар андан алыскы, суутекти иондоштуруп жарык чыгаруучу ысык жылдыздар жок жерлерде да кездешет. Кийинки байкоолор жогоруда көрсөтүлгөн классификациянын өтө так эместигин билгизди. Анткени спи-ралдуу Г. м-н эллипстүү Г-дын ортосундагы класска таандык Г. да бар экендиги табылган. Мындай Г-дын спиралдык тармактары жок, айланасы тегиз диск түрүндөгү ж-а борбору өтө зор топтолуштардан турат. 20-к-дын 60-жылдарында көбүнчө ысык жылдыздардан турган көп сандаган шакек ж-а диск түрүндөгү Г. ачылды. Жарыгы өтө начар Г. да бар. Асмандан алардын борб. бөлүгүн да өтө кыйынчылык м-н байкоого болот. Өтө күчтүү телескоп аркылуу жылдыздардан айрып билүүгө болбогон компакттуу (тыгыз) алыскы Г. да бар. Алар көгүлтүр нурга ээ. Мындай объектилер кадимки өтө гигант Г-дан жүздөгөн эсе жарык келет. Начарла-ры да кездешет. Көпчүлүк Г-дан радио нурлануулар чыгат. Радио нур-лануулар сов. астроном И. С. Шклов-скийдин теориясы б-ча электрондор ж-а жарык ылдамдыгына жакын ылдамдыкта кыймылдоочу заряддалган оор бөлүкчөлөр магнит талаасында тормоздолгондо пайда болот (синхрондук нурлануу). Бөлүкчөлөрдүн мындай ылдамдыктары Г-дын ичиндеги жарылуулардан келип чыгат. Эң кубаттуу радио нурланууга ээ болгон компакттуу алыскы галактика-лар N-т алактикалар, ушундай эле нурлануунун жылдыз түрүндөгү булактары квазарлар. Ал эми кубаттуу радио нурланууга ж-а белгилүү бурчтук өлчөмгө ээ болгондору — радиогалактикалар. Бул объектилердин бардыгы бизден өтө алыс болгондуктан, аларды изилдөө оңой эмес. Радио галактикалар ядросу дайыма бөлүнүү процессинде болуп туруучу Г. экени сов. астроном В. А. Амбарцумяндын гипотезасы б-ча түшүндүрүлөт. Г-дын өлчөмү ж-а жарык бериши ар түрдүү. Мис, өтө гигант Г-дын жарык бериши Кундүкүнөн 10п эсе жогору, квазарлар Күндөн 100 эсе жарык: карлик-Г-дын начарлары эле биздин Галактиканын шар түрүндөгү жылдыз чогулмалары м-н бирдей. Алардын жарык бериши Күндүн жарык беришинин 105ин түзөт. Г-дын өлчөмдөрү ондогон парсектен он миңдеген парсекке жетет. Бизге 1,5 мин-ден ашык жарык Г. (13-жылдыздык чоңдукка чейинки), 15-жылдыздык чоңдуктан жарык 30 миңдей, 21-жыл-дыздык чоңдукка чейинки бир нече миллиард Г. белгилүү, к. Галактикадан тышкаркы астрономия.

Ад.:   Э й г е н с о н М. С, Внегалактическая астрономия, М., 1960; А г е к я н Т. А., Звезды, галактики, метагалактика, М., 1966.

от 2020