— астр-янын биздин Га-лактикадагы жылдыздар системасынан тышкаркы асман телолорун ж-а алардын системаларын изилдөөчү бөлүмү. Башка жылдыздар системасы мейкиндиктеги алып турган орду ж-а көз каранды болбогон туюк системасы б-ча Галактика деп аталса, бардык галактикалардын жыйынды-сынын кеңири системасы метагалактика деп аталат. Бизден эң алыскы галактикаларга чейинки аралык миллиард парсектен да ашык. Метагалактикалык мейкиндиктеги галактикалардын арасы бош эмес. Анда көптөгөн майда жылдыздар системасы, айрым жылдыздар, суйдаң газдар ж-а космостук чаң, нур, интен-сивдүүлүгү нөлдөн айырмаланган гравитация, магнит талаалары ж. б. бар. Эң жарык гиганттар да көрүнбөгөн алыскы галактикага чейинки аралык-тар алардын спектриндеги кызыл жы-лыштын чоңдугу б-ча аныкталат. Бул чоңдукту галактиканын кыймы- лынын ылдамдыгы м-н тугонтсак, анда ал ар бир миллион парсек аралыкка 100 км/сек ылдамдык м-н чоңоет. Спектрдеги сызыктын жылышы 1000 км/сек болсо, анда галактикага чейинки аралык 100 млн пс. Г. т. а-нын изилдөөлөрү б-ча спираль түрүндөгү галактиканын өтө көп экендиги аныкталды. Алар биздин Галактикага окшош жог. темп-ралуу жыл-дыздардан, цефеиддерден, гиганттар-дан, чачылган жылдыз чогулмалары-нан ж-а газ тумандуулуктарынан турат. Гигант галактиканын абс. жылдыз чоңдугу 21ге жакын. Айрым га-лактикалардан эң күчтүү радио нурлануу байкалат. Булар радиогалакти-ка деп аталат. Г. т. а. галактика дүйнөсү да жылдыздар дүйнөсү сыяктуу өтө ар түрдүү боло тургандыгын аныктады. .СССРде Г. т. а-нын теориялык ж-а байкап изилдөө иштери Армян ССР ИАнын Бюракан астр-я-лык обсерваториясында ж-а Москва ун-тиндеги П. К. Штернберг атн. Мамл. астр-я ин-тунда кеңири жүргүзүлүүдө.

Ад.:   к. Галаптикалар макаласынан.

от 2020