ГАЙАНА

от2020

Ноя 27, 2020

Гайана Кооператив Республикасы (1966-жылга чейин Британия Гвианасы) — Түш. Американын түн.-чы-гышындагы мамлекет. Британия Ынтымагынын составында. Түн.-ба-тышынан Венесуэла, түш.-батыш ж-а түштүгүнөн Бразилия, чыгышынан Суринам м-н чектешет. Түн. — чыгышында Атлантика океаны жатат. Аянты 215 миң км2. Калкы 760 миң (1973). Борбору — Жоржтаун ш. Админ. жактан 9 округга бөлүнөт. Мамлекеттик түзүлүшү. Г.— респ-ка (1970-жылдын февралынан). Азыркы конституциясы 1966-ж. күчүнө кирген. Мамлекет башчысы — президент, аны парламент 6 жылга шайлайт. Ал куралдуу күчтөрдүн да башкы командачысы. Закон чыгаруучу жог. органы 4 жылга шайлануучу бир палаталуу парламент (Улуттук чогулуш) . Өкмөтү — премьер-министр башында турган Мин. Совети. Омбуд-сменди премьер-министрдин сунушу б-ча президент дайындайт. Ал болсо админ. органдардын ж-а аларды башкарган кызматкерлердин ишине ж-а токтомдоруна байланыштуу жеке адамдардын даттанууларын карайт. Мамл, гербин ж-а мамл. желегин к. Мамлекеттик герб, Мамлекеттик желек макалаларынын таблицасынан. Табияты. Өлкөнүн түн. ж-а түн.-чы-гышын аккумуляциялык саздуу түздүк, борб. ж-а түш. бөлүгүн Гвиана бөксө тоосу ээлейт. Г-нын борб. бөлүгүнүн батыш жагы тоолуу (Паурай-ма кырка тоосу, эң бийик жери Ро-райма, 2772 м, Аянганна 2042 м). Климаты субэкватордук, ысык ж-а нымдуу (айлык өрт. темп-pa Жорж-таунда 26—28°С). Жылдык жаан-ча-чыны 2230 мм. Ири дарыялары: Эссе-кибо, Демерара, Бербис, Корантайн ж. б. Г-нын дээрлик бардык жерин дайыма жашыл токой, түн.-чыгыш ж-а түш.-батышын саванна ээлейт. Калкы. Калкынын 53% Индиядан келгендер, 32 % — Африкадан алып келинген кулдардын укум-тукуму (3/4 — негрлер, 1/4 — мулаттар). Ички райондорунда 30 миң чамасында жерг. эл — индеецтер жашайт. Мамл. тили—англис тили. Шаар калкы 30% ти түзөт. Ири шаары — Жоржтаун (195,3 миң киши, шаар айланасы калкы м-н кошо). Тарыхый справка. Г. жерин испандар ачкан (1499). Кийинчерээк бул жерге гол-ландиялык, франц. ж-а англ. колониячы-лар келе баштайт. Алар басып алган жерлеринде индеецтерди ж-а Африкадан алып келинген (19-к-дын ортосунан) негр кулдарды иштетип, плантация чарбасын (тамеки, пахта, кофе, бал камыш) түзүшөт. Г-га ээ болуш үчүн Улуу Британия, Франция, Голландия ондогон жылдар бою таймашып келген. Г. 19-к-дын башында гана Британиянын карамагына биротоло өтүп, Британия Гвианасы (Б. Г.) аталып калды. 20-к-дын башынан өлкөгө АКШнын капиталы кире баштады. Г-нын эли кез карандылыктан кутулуу үчүн узак жылдар күрөшүп келди. Жумушчуларды, фермерлерди ж-а улуттук буржуазияны баш коштурган Элдик прогрессчил патэтия түзүлүп (1950), улуттук өз алдынчалыкты талап кылганда ал күрөш айрыкча күч алды. Натыйжада англ. бийлик 1953-ж. Г-га конституция берип, анда колонияны башкарууга жерг. эл да катышат деп белгиледи. Өлкөдөгү улут-тук-бошт. кыймылдын андан ары күчөшү-нөн Англия Б. Г-нын көз карандысыздыгын таанууга аргасыз болду. 1966-жыл-дын 26-майында Б. Г. Британия Ынтымагынын составындагы көз карандысыз мамлекет деп жарыяланып, Гайана деген ат алды. Ошол эле жылы ООНго кабыл алынды. Г. элинин чыныгы өз алдынча-лыкка жетишүү багытындагы күрөшүнүн натыйжасында гана Б. Г. 1970-ж. февралда көз карандысыз респ-ка деп жарыяланды. Анын туңгуч президенти—А. Чжун. Г. СССР (1970-ж. дек.) ж-а бир топ соң. өлкөлөр м-н дипл. байланышта. Экономикасы. Экономикасынын негизин а. ч. ж-а минералдык сырьёло-рду өндүрүү түзөт. 1972-ж. улуттук дүң продукциянын 24,2% а. ч-дан алынган; тоо-кен, токой ж-а тамак-аш ишканалары о. ж. өндүрүш көлөмүнүн 75% ке жакынын берет. Экономи-касында чет элдик капитал басымдуу (көбүнчө Улуу Британия ж-а АКШ). Г-нын аймагынын 1% (ООНдун маалыматы б-ча) иштетилет, жайыт Ж-а чабылды 13,8%, токой 80% тен ашыгын ээлейт. Плантациялар негизинен чет элдик компаниялар м-н ири жер ээлерине таандык. Бал камыш -(90% экспорттолот), шалы (30%’ тен көбүрөөгү экспорттолот), кокос пальмасы, кофе, какао, цитрус, ана- нас өстүрүлөт. Өлкөнүн түш.-баты-шында мал чарбасы өнүккөн. 1972-ж. 254 миң уй, 96 миң кой, 35 миң эчки, 82 миң чочко болгон. Жээк-терде балык кармалат. Тоо-кен ө. ж. тармактарынан боксит казып алуу б-ча капит. дүйнөдө Г. 4-орунда (Ямайка, Суринама, Австралия Союзунан кийин). Боксит өндүрүү чет элдик компаниялардын колунда. Мындан башка алмаз, алтын ж-а марганец рудалары казып алынат. Электр энер-гиясында көбүнчө жылуулук электр станциялар басымдуу. Т. ж-нун уз. 258 км, автомобиль м-н унаа жолунун уз. 1,7 миң км. Дарыя жолунун уз. 400 км.- Ири порттору Жоржтаун, Ныо-Амстердам, Эвертон ж-а Маккензи. Сыртка бокснт, кант, алюминий кыч-кылы, күрүч чыгарылып, четтен машиналар, жабдуулар, азык-түлүк товарлары ж. б. алынат. Башкы соода шериктери: Улуу Британия, АКШ, Канада, Вест-Индия өлкөлөрү. Акча бирдиги — гайана доллары = 0,5 доллар (амер., 1971, янв.). Маданияты. Г-да 6—14 жашка чейинки-лер милдеттүү түрдө окутулат. Сабак англис тилинде. Башталгыч мектепте окуу мөөнөтү 6 жыл, орто мектепте 7 жыл (2 баскычта: 5 ж-а 2 жыл). Кесипке даярдоо негизинен башталгыч мектеп базасында ишке ашырылат. Башталгыч мектеп мугалимдерин пед. коллеж даярдайт1, ага орто мектептин 1-баскычын бүткөндөр өтөт. 1963-ж. Жоржтаунда 3 ф-тети (иск-во, коомдук илимдер, табигый ж-а так илимдер) бар ун-т ачылган. Калк китепкана-сы (98 миң томдуу), Г. музейи (1853) бар. Г-да 20 газета ж-а журнал чыгат (1972). Ири газеталары: «Гайана грэфик» (1945), «Санди кроникл» (1881), «Нью нейшен» (1955), «Миррор» (1962), «Тандер» (1950), «Лейбор адвокейт». Радио уктуруу .компаниясынын Гайана бирикмеси «Радио Демерара» (1950) Жоржтаун ш-нда.

Ад.:   Богословский В. Л., Гайана, М., 1969.

от 2020