Вест-Индиядагы арал. Чоң Антиль а-дарынын тобуна кирет. Аянты 77 миң км2. Калкы 9 млн-го жакын (1969). Кубадан Же-ларгы, Пуэрто-Рикодон Мона кысык-тары аркылуу бөлүнөт. Жээктери бу-луң-буйткалуу. Арал мезозгй-кайно-зойдун жанар тоо ж-а чөкмө iоо тек-теринен түзүлгөн. Тектоникалык ой-дуңдар кырка тоолорду бөлүп жатат. Бийикт. 3175 м ге чейин (Дуарте чокусу) . Жер титирөө болуп турат. Климаты тропиктик пассаттык. Айлык орт. темп-расы ойдуңдарында 23°С— 29°С Тоолорунун желаргы капталда-рына жылына 2000 мм ге чейин, ички өрөөндөрүндө 300—1300 мм жаан-чачын жаайт. Түн.-чыгышы м-н түштү-гүн дайыма жашыл тропиктик (пальма, лавр жыгачтары ж. б.), тоолорун ийне жалбырактуу, ички аймактарын жалбырагын күбүүчү токойлор каптаган. Ойдуңдарын плантация ж-а тропиктик өсүмдүктөр (кофе, пахта, бал камыш, какао, тамеки, банан, шалы) ээлейт. Сүт эмүүчүлөр-дөн жар канат, кемирүүчүлөр кездешет. Кескелдирик ж-а крокодил бар. Канаттуулар өтө көп. Г. аралында Гаити мамлекети ж-а Доминикан Республикасы жайгашкан. Аралга 1492-ж. жеткен Х. Колумб аны Эс-паньола деп атаган.

ГАИТИ, Г а иаралдардан орун алган. Түндүгүнөн Атлантика океаны, түштүгүнөн Кариб деңизи, чыгышынан Доминикан Респ-касы м-н чектешет. Аянты 27,8 миң км2. Калкы 5,4 млн (1975). Борбору — Порт-о-Пренс ш. Админ. жактан 5 департаментов бөлүнөт. Мамлекеттик түзүлүшү. Г.—респ-ка. Азыркы конституциясы 1964-ж. кабыл алынган. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы — президент, 6 жылга шайланат. Ал диктатордук укуктарга ээ. Закон чыгаруучу жог. органы —бир палаталуу парламент (Улуттук чогулуш). Сот системасы: Жог., касация-лык ж-а төмөнкү инстанциядагы соттор. Мамл. гербин ж-а мамл. • желегин К. Мамлекеттик герб, Мамлекеттик желек макалаларынын таблицасы-нан. Табияты. Рельефи тоолуу (бийикт. 2680 м ге чейин), Гаити а-нын булуң-буйткалуу батыш бөлүгүн ээлейт. Аралдары аскалуу. Климаты тропиктик, муссондук. Орт. айлык темп-расы 22—28°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 500—800 мм, шамал жаккы беттеринде 2000 мм ге чейин. Ири дарыясы — Артибонит, анда кеме жүрөт. Аймагында көбүнчө жалбырагын күбүүчү тропик токой, түштүгүндө дайыма көгөрүп туруучу баалуу жыгачтар өсөт. Калкы. Калкынын 99% Африкадан 16—18-к-да алып келинген кулдардын тукумдары—гаитиликтер. Расасы жагынан 90% гаитилик негрлер, 10%— мулаттар. Шаар калкы 12%. Мамл. тили французча, динге ишенгенде-ри — католиктер. Ири шаарлары — Порт-о-Пренс (494 миң киши, 1975), Кап-Аитьен, Гонаив, Ле-ке. Тарыхый справка. Г. аралын испандар 1492-ж. ачкандан кийин Эспаньола деп ататып, өз колониясына айландырышкан. Жерг. индеецтерди кырып, Африкадан негр кулдар алып келишкен. 16-к-дын аягында ж-а 17-к-дын башында Испания, Франция ж-а Англиянын ортосунда Эспаньола үчүн күрөш күчөйт. 17-к-дын аяк ченинде аралдын батыш бөлүгү Францияга өтүп, Сан-Доминго деп аталган. Чыгыш бөлүгү Испаниянын карамагында калган. 18-к-дьш аягында Сан-Домингодо ак план-таторлор (кул ээлери, ири бурж. чиновниктер ж-а кояон. армиянын офицерлери) үстөмдүк кылган. Улуу француз рев-ясы-ДТ.ГН эпкини Гаити а-на да жетип, укуктан ажыраган калк, эзилген негр кулдар көтөрүлүш чыгарышкан. Көтөрүлүшкө Ф. Д. Туссен-Лувертюр (1743—1803) жетекчилик кылган. 1804-ж. арал Францияга көз карандысыз деп жарыяланган. Ага мурдагы индеецче Гаити деген ат коюлган. Г. 1821-ж. респ-ка болуп, 1825-ж. Франция анын көз карандысыздыгын тааныган. 1844-ж. аралдын Г-ден бөлүнгөн чыгыш бөлүгүндө өз алдынча мамлекет— Доминикан Республикасы түзүлгө           н. 19-к-дын аяк ченинен Г-ге чет өлкөлүк, көбүнчө АКШнын капиталы кире баштаган. АКШ өзүнө жакпаган президенттерлн алып таштап, аскерий кийирип турган. Акыры (1915) Г. АКШнын протектораты-на айланган. Россиядагы Улуу Окт. соц. рев-ясынын таасиринен антиимпер. кыймылдын жогорулоо кырдаалында Г-де 1934-ж. компартия түзүлүп, көп өтпөй ал закондон тышкары деп жарыяланган. Экинчи дүйн. согуш жылдарында (1939— 45) Г. АКШнын согуш ж-а сырьё базасына айланган. Согуштан кийин Г-де демокр. кыймыл кулач жайды. 40-жылдардын башында тарап кеткен компартия кайра түзүлдү. Президент Д. Эстиме (1946—50) комму-нисттерди закондон тышкары деп жарыялап, амер. монополияларга жаңы жеңилдиктер берди, кийинки президент П. Э. Маглуар (1950—56) өлкөнүн АКШга көз карандылыгын ого бетер бекитти. Калктын ар кыл катмарларында нааразылык күчөдү. 1957-ж. АКШнын жардамы м-н Ф. Дювалье президенттикке келип, чексиз жеке бийлик тартибин орнотту. 1964-ж. ал өзүн өзү өмүр бою президент деп жарыялап, Г-ни АКШнын согуштук-стратегиялык базасына айландырды. 1968-ж. Гаитинин коммунисттеринин бириккен партиясы (ГКБП) түзүлдү. Ф. Дювалье өлгөндө (1971) президенттикке анын уулу Ж. К. Дювалье келип, диктатордук тартипти сактап калды. Саясий партиялары, профсоюзу. Гаитинин коммунисттеринин бириккен партиясы. 1968-ж. Г. демокр. союзу м-н Г-нин бириккен элдик партиясынын негизинде түзүлгөн. Г. жумушчула-рынын улуттук союзу 1951-ж. түзүлгөн. Өкмөттүн контролунда. Экономикасы. Г.— экон. жактан артта калган өлкө. Дүц продукция наркынын 7гин а. ч. берет. Чарбанын негизги тармактары АКШ капиталынын колунда. Г-нин аймагынын 14% айдоо ж-а көп жылдык өсүмдүктөр; жайыт — 18 %, токой — 25 %, а. ч-га жараксыз жерлер —43%. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: кофе, агава, сизаль, бал камыш, пахта, цитрус, бапан, жүгөрү, таруу, шалы. Мал чарбасы көбүнчө тоолуу райондордо. 1970—71-жылы 960 миц уй, 1390 миң эчки, 400 миң жылкы болгон. Ө. ж. начар өнүккөн. Электр станциялары негизинен сырттан алып келинген нефть м-н иштейт. 20-к-дын 60-жылдарынан тоо-кен (боксит, жез казып алынат) ө. ж. өнүгө баштады. Алардын көбүн чет элдик, көбүнчө амер. компаниялар иштетет. Мындан башка тамак-аш ж-а жеңил ө. ж. (кант з-ду, сизаль тазалоо ф-касы, самын кайнатуучу, шалы актоочу ишканалары) бар. Борборуна жакын фармацевтика ж-а цемент з-ддору иштейт. Шоссе жолунун уз. 3258 миң км, т. ж,— 376 км. Башкы порту — Порт-о-Пренс. Сыртка кофе, боксит, сизаль, кант чыгарат. Сырттан нефть продуктулары, кездеме, тамак-аш, машиналар алып келет. Сырткы сооданын 2/3ге жакыны АКШга туура келет. Акча бирдиги— гурд. Бир гурд 0,2 долларга (АКШ) барабар. Маданияты. 1874-жылкы конститупияда 7—14 жаштагыларга милдеттүү башталгыч билим берүү жайы белгиленсе да, ал эмдигиче ишке аша элек. Азыркы агартуу системасы мектепке чейинки (3—6 жашар) балдардын мекемелери (көбү жеке менчик); 6 жылдык башталгыч мектеп; жалпы билим берүүчү төмөнкү (4 жыл) ж-а жогорку (3 жыл) эки циклдүү 7 жылдык орто мектеп, 7 жылдык мектеп классикалык, табият таануу ж-а азыркы тилдер багытында билим берет. Орто мектебинин көбү шеке менчик. Кесипке үйрөтүү 3 жылдык кесиптик, а. ч. ж-а башка мектептеринде жүргүзүлөт. Башталгыч мектептердин мугалимдерин i жылдык окуу мөөнөтү м-н орто мектепте З жылдык нормалдык мектептер даярдайт. Орто мектепке ун-ттин алдындагы жог. нормалдуу мектебин бүткөндөр гана мугалим боло алат. Жог. окуу жайлары: Г. мамл. ун-ти ж-а Порт-о-Пренс-теги 3 жог. тех. мектеп. Г-де 1970-ж. жалпы тиражы 25 миң нускада Юго жакын газета ж-а журнал басылган. Өкмөттүк газета — «Нуво монд» (1956). Ири газеталары «Матен» (1910), «Нувеллист» (1896), «Жур» (1948), Гаити коммунисттеринин бириккен партиясынын органы — «Букан». Г-де радио уктуруу 20-к-дын 30-жылда-рында башталган. 1970-ж. 22 радиостанция, бир телекомпания иштеген. Г. ад-ты, көз карандысыздык жарыяланган соп (1804), французча өөрчүй баштаган. Көрүнүктүү жазуучулары: Ф. Марселей (1848—1917), Ж. Лериссон (1873— 1907), Ж. Румен (1907—44), Ж. С. Алексис (1922—61). Г. көз карандысыздыкка жетишкенден кийин улуттук арх-ра бир кыйла өнүккөн. Кап-Аитьен ш-на жакын жерде ашкере бийик дубалдуу Ла-Ферер чеби, 18-к-дагы француз арх-расынын таасиринде Сан-Суси двореци салынган. 19—20-к-да Порт-о-Пренсте собор ж-а Улуттук дворец курулган.

Ад.:   Гонионский С. А., Очерки новейшей истории стран Латинской Америки, М., 1964; Мартынов М. В., Гаити, М., 1969; Алексис Ж. С, Современные проблемы гаитянской литературы, «Иностранная литература», 1960, N» 2.

от 2020