ГАЗЛИ

от2020

Ноя 27, 2020

—Өзбек ССРинин Бухара обл-ндагы Ромитан р-нундагы ш. т. поселка. Кызьш-Кум чөлүндө. Бухара-дан 106 км- түн.-батыш тарапта. Калкы 7,8 миң (1970). Г-де газдын ири кени ачылган. Г-ден СССРдин Борб. Европа бөлүгүнө, Уралга, Ташкенге ж. б. жерлерге газ жүргүч кетет. Г. 1976-ж. жер титирөөдөн зыян тартып, кайра курулду.

ГАЗНЕВИЛЕР (977— 1186) — түрктөрдүн таркаган династия. 962-ж. Сама-нилердин аскер башчысы Алп-Тегин негиз салган. Ишенчиликтүү гвардия-чы-гулямдарга таянып, Алп-Тегин 962-ж. өзүн Газни ш-нын өз алдынча башкаруучусу деп жарыялаган. Г. мамлекети Себук-Тегиндин (977— 997) ж-а айрыкча анын уулу Махмуд Газневинин (998—1030) тушунда абдан күчөгөн. Ал мамлекеттин составына азыркы Афг-н, Иран м-н О. Азиянын кээ бир областтары, Индиянын түн. ж-а түн.-батыш бөлүгү кирген. Г. мамлекети күчөп турганда бийлик башындагылар өз мүдөөлө-рү үчүн илим ж-а мад-тты өнүктүрүү-гө умтулган. Г-дин ак сарайында көрүнүктүү окумуштуулар ж-а акындар (Бируни, Бейхаки, Фирдоуси ж. б.) турушуп, маанилүү эмгектер ж-а чыг-лар жаратышкан. Г. жортуулга чыгышып, басып алган аймактарын бүт бойдон бүлдүрүп, калкты тоноп, кул кылышкан. Мындай жырткычтык Г. мамлекетин начарлантып, тап күрөшүнүн курчушуна алып келген. Масуд 1нин убагында (1030—41) мамлекет ыдырай баштаган; 1040-жылдан кийин Г-дин карамагында азыркы Афг-н м-н Пенжаб аймагынын бир бөлүгү гана калган. 12-к-дын 70-жылдарында Гурилер Г-ге катуу сокку урган, аларды Түн. Индияга сүрүп, 1186-ж. Г-дин акыркы бийлөөчүсү Хосров-Маликтин тушунда Г1160—86 (же 1887)] Түн. Индиядагы Лахорду тартып алган. Мына ушундан кийин Г. мамлекети ж-а динас-тиясы жоюлган.

Ад.:   Босворт К. Э., Мусульманские династии, рус. пер. П. А. Грязневича. М., 1971; А б дул-Фаз л Бейхаки, История Масуда, рус. пер. А. К. Арендса, изд. 2, М., 1969.

от 2020