ГАЗДАР

от2020

Ноя 27, 2020

— заттын бөлүкчөлөрү өз ара аракеттенүү күчтөрү м-н байланышпаган же өтө начар байланышкан ж-а эркин кыймылдап, берилген көлөмдү толук ээлеген агрегат-тык абалы. Табиятта газ абалындагы заттар кеңири таралган. Г. Жер шарын курчап турган атм-раны түзөт, океандардын, деңиздердин ж. б. суулардын ичинде каныккан эритме катарында учурайт. Күн, жылдыздар ж-а жылдыз аралык тумандуу заттар нейтрал ж-а иондошкон Г-дан турат. Магниттик касиети б-ча Г. диа-магниттүү ж-а парамагниттүү болуп бөлүнөт. Табигый шартта кездешкен Г. негизинен хим. ар түрдүү Г-дын кошулмасы. Газдын көлөмү басым ж-а темп-рага көз каранды. Басым м-н темп-ранын маанисин белгилүү чоңдукта тандап алып, ар кандай заттарды газ абалына келтирүүгө болот. Тескерисинче, газды белгилүү темп-рада ж-а басымда башка агре-гаттык абалга—суюктукка же катуу затка айлантууга мүмкүн. Эгерде газ молекулаларынын өз ара аракеттенүү күчү дээрлик жок болсо, анда ал идеалдуу газ деп аталат. Идеалдуу газдын абалы Менделеев-Клапейрон теңдемеси м-н туюнтулат да, Бойль Мариотт, Гей-Люссак, Шарль ж-а Авогадро закондоруна баш иет. Газдын тыгыздыгы жогоруласа, анын касиети өзгөрүп, анда ал реалдуу газ деп аталат. Эгерде газдын молекула-лары же атомдору иондошсо, анда газ электр өткөрүү касиетине ээ болот, ал эми анын электр заряддал-ган бөлүкчөлөрү жок болсо, газ диэлектрик болот. Г. ж-а алардын аралашмалары отун катарында, ме-таллдарды пшретүүдө, газ турбина-сында, реактивдик кыймылдаткычта, химия ө. жайында ж. б. колдонулат. СССР табигый күйүүчү газдын запасы б-ча дүйнөдө 1-орунда турат.

от 2020