ГАГРА

от2020

Ноя 27, 2020

— Абхаз АССРинин Гагра р-нунун борбору (1933-жылданшаар), деңиз жээгиндеги курорт. Новороссийск — Батуми автомобиль жолунун боюнда. Калкы 23 миң (1970). Жайы өтө жылуу (августтун орт. темп-расы 23°С), жылдык орт. жаан-чачыны 1400 мм. Кара деңиздеги порт, т. ж. станциясы. Ө. ж. (эт комбинаты, сүт, шарап, балык з-ддору) курорттор-ду камсыз кылууга багытталган. Г-да дем алуу ж-а кан айлануу органдарын, нерв системасын дарылоочу жыл бою иштөөчү климаттык курорт, санато-рийлер, дем алуу үйлөрү, пансионаттар, турбаза бар.

от 2020