ГАГАРИН

от2020

Ноя 27, 2020

Юрий Алексеевич (9. 3. 1934, Смоленск обл., Гжатск р-ну, Клу-шино с. — 27. 3. 1968, Владимир обл., Киржач р-ну, Новосёлов с-на жакын) — СССР учкуч-космонавты, дүйнөдө космоско биринчи учкан адам, Союз. Баатыры (14. 4. 1961). I960-жылдан КПСС мүчөсү. Колхозчу-нун үй-бүлөсүндө туулган. 1951-ж. У Люберцы ш-нда кесипчилик окуу жайын ж-а кечки мектепти, 1955-ж. Саратов курулуш У. Гажибеков. техникумун ж-а ушул шаардагы аэроклубдун курсун бүтүрөт. 1955— 57-ж. 1-Чкалов аскер авиац. окуу жайында окуйт. Андан кийин Кызыл Туулуу Түн. флотунун авиад. бөлүктөрүндө кызмат кылат. Таланттуу ж-а тайманбас учкуч катары 1960-ж. космопавттар отрядына кабыл алынат. 1968-ж. Н. Е. Жуковский атн. Аскер-аба академиясын артыкчылык диплому м-н аяктайт. 1961-ж. 12-апрелде Г. «Восток» ке-ме-спутникте адамзат тарыхында биринчи жолу космоско учуп, Жер шарын 1 с 48 мин да айланып, жерге конгон. Учкуч-космонавттык чеберчилигин арттырып, космонавттар экипажын үйрөтүүгө катышкан, космос кемелеринин учушуна жетекчилик кылган, көптөгөн коомдук-саясий милдеттер аткарган. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө ардактуу мейман катары барган. СССР Жог. Советине (6—7-шайл.) депутат. В ЛКСМ БКнын (1962, 1966) мүчөсү. 1966-жылдан Астронавтика ж-а космосту изилдөө б-ча эл аралык академиянын ардактуу мүчөсү. Ленин ордени, башка ор-дендер, медалдар ж-а көп чет өлкөлөрдүн эң жог. сыйлыктары м-н сыйланган. Самолетто машыгып жүрүп, авиац. кырсыктан каза болгон. Сөөгү Москвада Кызыл Аянтка коюлган. Анын ысмын түбөлүк калтыруу үчүн Гжатск ш. ж-а Гжатск р-ну Г-дин ысмына аталды. Айдын аркы бетиндеги кратердин бирине Г-дин аты коюлду. Эл аралык авиац. федерация 1968-ж. Ю. А. Гагарин атн. алтын медаль сыйлыгын белгиледи. Ал жыл сайын космос мейкиндигин өздөштүрүүдө жетишкен ийгиликтери үчүн учкучнкосмонавттарга берилет. 1969-ж. Г. Т. Береговой бул медаль м-н биринчи сыйланган. Чыг.: Есть пламя, М., 1968; Дорога в космос, М., 1969; Психология и космос, 2 изд., М., 1971 (совм. с В. И. Лебедевым).

Ад.:   Советский человек в космосе, М., 1961; Каманин Н. П., Первый гражданин Вселенной, М., 1962; Б о р з е н-к о С. А., Денисов Н. Н., Первый космонавт, М., 1969.

(учкуч-космонавт 10. А. Га-гариндин ысмынан; 1974-жылга чейин Т ай л ан)—Ош обл-нын Лейлек р-нундагы Исфана сельсоветине караштуу кыштак. Самат атн. к-здун аймагында. Райондун борбору Ис-фанадан 10 км түш.-чыгыш тарапта. Пролетарск т. ж. станциясынан (Тажик ССРи) 54 км. Калкы 417 (1976). Башталгыч мектеп бар.

от 2020