ГАГАНОВА

Валентина Ивановна (3. 1. 1932-ж. т.) — Соң. Эмг. Баатыры (1959). Вышневолоцк кебез-кездеме комбинатынын ийрүү ф-касынын бригадири, өндүрүштүн мыктыларын артта калган бөлүктөргө тартуу аркылуу аларды алдыңкылардын деңгээлине жеткирүүгө чакырган (1958) демилгечи. 1957-жылдан КПСС мүчөсү. Г. 1958—62-ж. арткы 3 бригаданы жетектеп, коммунисттик эмгек бригадасы наамын алууга жеткирген. Г-нын демилгесин СССР ж. б. соң. өлкөлөрдүн миллиондогон жумушчулары колдогон. КПССтин 22- ж-а 23-съезддеринде КПСС БКнын мүчөлүгүнө шайланган. СССР Жог. Советине (6-шайл.) депутат. Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *