ГАВСИДИНОВ

от2020

Ноя 27, 2020

Гиясидин (1927-ж. т., Өзбек ССР, Анжиян обл., Айым р-ну, Дардак кыш.) — Соң. Эмг. Баатыры (1951). Ош обл-нын Кара-Суу р-нундагы «Кызыл-Шарк» к-зунун бригадири (1945). Эмгек жолун колхозчу болуп баштаган. 1950-ж. анын бригадасы 49 га аянттын ар гектарынан 47 ц ден пахта алган. Г. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

от 2020