ГАВРИШ

от2020

Ноя 27, 2020

Иван Фомич [1920-ж. т., Кыргыз ССРи, Беловодский (азыркы Москва) р-ну, Садовый кыш.]— Сов. Союз. Баатыры (1945). Гвардиянын ст. лейтенанты. 1945-жылдан КПСС мүчөсү. 1938-ж. Сов. Армияга чакырылган. Улуу Ата Мек. согушта штурмалоочу 74-гвард. Кызыл Туулу Сталинград авиаполкунун звеносунун командири. Түш.-Батыш, Түш., 4-Украина, З-Белорус фронтторунда салгылашкан. Согуш мезгилинде ЮОдөн ашуун согуштук учуш жасаган. 7 жолу аба урушуна катышкан. Душмандын 13 танкасын, техника жүктөлгөн 58 автомашинасын, ок-дары сакталган 2 складын, 17 зениттик артиллериясын талкалап, ЗООдөн ашык гитлерчини жок кылган. Г. Ленин ордени, 2 Кызыл Туу, 1-дараж. Ата Мекендик Согуш, Александр Невский ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

от 2020