ГАВРИЛОВНА

от2020

Ноя 27, 2020

Ош, обл-нын Сузак р-нундагы Ленин сельсоветине караштуу кыштак. «Октябрьск» жүзүм совхоз-комбинатынын аймагында. Райондун борбору Сузактан 29 км чыгыш тарапта, Багыш т. ж. станциясынан 6 км. Калкы 1545 (1976). Сегиз жылдык мектеп, клуб бар.

— Сокулук р-нундагы Гавриловка сельсоветине караштуу кыштак. Фрунзе — Кара-Балта автомобиль жолунун боюнда. Шопоков атн. к-здун борбору. Райондун борбору Сокулуктан 5 км чыгыш тарапта. Шопоков атн. т. ж. станциясынан З км. Калкы 2174 (1975). Орто мектеп, клуб бар.

от 2020