ГАВА-САЙ

от123

Ноя 24, 2020

ГАВА-САЙ — Түш. Кырг-ндагы суу, Сыр-Дарыянын оң куймасы. Чаткал кырка тоосунун түш. капталынан башталат. Уз. 96 км, алабынын аянты 724 км2. Баш жагында терең (500 м) ж-а кууш капчыгай м-н агып, Тава кыш. ченде тектирлуү кең өрөөнаркылуу өтөт. Эски-Абад кыш-на жакын садааланып кетет. Кар, булак ж-а жаан- чачындан куралат. Апрелде кирип, августта тартылат. Жылдык өрт. чыгымы 6,02 м3/сек, эң көбү 19,4—20,2 м3/сек, эң азы 1,35 м3/сек. Бүтүндөй сугатка пайдаланылат. Сыр-Дарыяга жетпейт. Боюнда Чүс (Чуст) ш. ж-а Нап, Эски-Абад, Кожо-Абад кыш. жайгашкан.

от 123