ГАВАНА

ГАВАНА — Кубанын борбору, экон., саясий ж-а маданий жагынан негизги шаары. Мексика булуңунун жээгиндеги Куба а-нын түн.-батыш бөлүгүндө. Чет-жакасы м-н кошо Чоң Гавана деп аталат. Аянты 724 км2. Калкы 1,9 млн (1975). Чоң Г. 6 админ. районго бөлүнөт. Г. порту аркылуу Кубанын 80% импорту, 30% экспорту өтөт. Г-ны 1515-ж. ченде тапандык басып алуучу Диего Веласкес аралдын түш. жээгинде негиздеген; 1519-ж. азыркы ордуна көчурүлгөн. 16-к-дын аягынан Кубанын адмия. борбору. 1762—1763-ж. Англия басып алган. ИспанияАмерика согушунда (1898) АКШнын карамагына өткөн (1902-жылга чейин). 1902-жылдан Куба Респ-касынын борбору. 1959-ж. Куба революциясынын жеңишинен кийин Г-да улуттук-рев-ялык өкмөт түзүлгөн. 1960-ж. сентябрь ж-а 1962-ж. февралда Г-да өткөн Куба элинин 1-ж-а 2-Улуттук ген. ассамблеяларында тарыхый Гавана декларациялары кабыл алынган. Г.—автомобиль, аба ж-а т. ж. тоому. СССРдин жардамы м-н Хосе Марти атн. металлургиялык комбинат рөконструкңияланып, автомобиль оңдоочу з-д (1964), муздаткычы бар балык порту курулду. Текстиль ж-а тамак-аш ө. ж. жакшы өнүккөн. Тигүү, металл иштетүү, химия ө. ж. ишканалары иштейт. Г-да ун-т (1728), илимдер академиясы (1962), китепкана, музей ж-а театрлар бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *