ГАВАЙИ АРАЛДАРЫ, Сандвич-тер аралдары —Тынч океандын борб. бөлүгүндө (18°50’—28°15′ түн. кеңдик м-н 154°40’—178°15′ чыгыш узундукта) жайгашкан Лолинезияда-гы эң ири архипелаг. Ал 24 аралдан турат. Эң ирилери: Гавайи, Мауи, Мо-локаи, Оаху, Кауаи, Ниихау, Ланаи, Кахулави. Булар тоолуу, калгандары майда ж-а жапыз. Архипелагда жер бетиндеги залкар өчө элек жанар тоолор бар. Г. а-нын эң бийик (4205 м) жери — Мауна-Кеа—өчкөн жанар тоо. Климаты тропиктик, деңиздик. Айлык орт. темп-расы 18°Сден( февралда) 25°Сге (августта) чейин, кышында тоо чокуларында кар жатат. Бийик тоолуу аралдарда жылдык жаан-чачын 3500—4000 мм ден 12500 мм ге чейин (Кауаи а. дүйнөдөгү эң НЫМДУУ райондордон). Айбанаттар м-н өсүмдүктөрүнүн дээрлик көбү энде-миктер. Тоолорунун түн.-чыгыш беттерин 600—700 м ден 1000—1700 ж ге чейин тропиктик токой, 3000 м ге чейин жапыз өскөн тоо токою, андан жогору бадал ж-а папоротннктер каптап жатат. Түш.-батыш капталдарын-да саванна, сейрек токой бар. Деңиз жакалай ж-а тоо этектей бал камыш, ананас, банап ж. б. өстүрүлөт, к. Гавайи.

от 123