ГАВАИИЛИКТЕР

от123

Ноя 24, 2020

ГАВАИИЛИКТЕР — Гавайи а-дарындагы жергиликтүү калк. Гавайи тилинде сүйлөшөт, англис тилин да билишет. Европ., амер. колониячылар (18-к-дын аягынан), айрыкча АКШ Гавайи а-дарын басып алгандан кийин Г. өтө тез азайган (1967-жылда-гы маалымат б-ча 250—ЗОО миң адамдан 10 миң; башка маалымат б-ча 1—2 миң адамга чейин). Г-дин европалыктар, америкалыктар, азиялык-тар м-н аралашуусунан аргындар (105 миң, 1967) пайда болуп, алардын бир бөлүгү Гавайи тилин ж-а гавайи мад-тынын айрым элементтерин сактап калган. Г. м-н аргындар кант, ананас плантаңияларында иштейт. Азыркы Г. христиан дининде.

от 123