ГАБОР

ГАБОР Деннис (5. 6. 1900-ж. т.) — физик, голографияга негиз салуучу. Британия Королдук коомунун мүчөсү (1956); Венгрия ИАнын ардактуу мүчөсү (1964). Будапегяттеги Тех. ун-тти ж-а Берлиндеги Жог. тех. мектепти бүтүргөн. 1927—33-ж. Германияда иштеп, 1934-ж. Англияга эмиграцияга барган. 1949—67-ж. Лондон ун-тинде (1958-жылдан проф.) окутуучу. 1967-жылдан Колумбия радио берүү системасындагы Станфорд ла-бор-ясында жетекчилик кылган. 1948—51-ж. голографиянын жалпы теориясын түзүп, биринчи телеграммаларды алган. 1956-ж. биринчи болуп голографиялык микроскопту жасаган. Г-дун электроника, оптика, ин’ формация теориясы, байланыш тео-риясы б-ча да эмгектери бар. Нобель сыйл. лауреаты (1971).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *