ГАБОН, Габон Республикасы

ГАБОН, Габон Республикасы — Борб. Африкадагы мамлекет. Франция Ынтымагынын составында. Түн.-батышынан Экватордук Гвинея, түндүгүнөн Камерун, түн.-чыгышы-нан, чыгышынан, түш.-чыгышынан ж-а түштүгүнөн Конго Эл Респ-касы м-н чектешет. Ба# тышынан Атлантика океаны чул-ты 267,7 миң км2. Калкы 685 миң Либревиль ш. Г. админ. жактан 9 районго, алар ок-ругга ж-а коммунага бөлүнөт. Мамлекеттик түзүлүшү. Г.—респ-ка. Азыркы конституциясы 1961-ж. февралда кабыл алынып, ага 1967, 1968-жылдарда өзгөртүүлөр киргизилген. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы— президент (7 жылга шайланат). Ал министрлерди, жог. кызмат адамдарын, сотторду дайындайт ж-а иштен алат. Президент — куралдуу күчтөрдүн да башкы командачысы. Өкмөтү — Мин. Совети. Парламента — бир палаталуу Улуттук чогулуш. Огове д-нын жээгиндеги тропик токой. Мамл. гербин ньа мамл. желегин к. Мамлекеттик герб, Мамлекеттик желек макалаларынын таблицасынан. Табияты. Көпчүлүк аянтын жапыз тоолор ж-а тоо массивдеринин калдыктары ээлеп жатат. Бийигирээк тоолору — Шайю (Ибунжи чокусу, 1580 м) ж-а Хрусталь (Дана чокусу, 1000 м). Батыш бөлүгүндөгү деңиз жээктерин туурасы 30—200 км келген ойдуңдар ээлейт. Кен байлыктары — нефть, газ, марганец, уран, темир рудалары. Климаты ысык ж-а нымдуу; экватордуктан субэкватор-дук климатка өтөт, июль айынын орт. темп-расы 22°С, апрелде 27°Сге чейин. Жылдык жаан-чачын 1500— 2000 мм, деңиз жээктеринде 2500— 3000 мм ге чейин. Дарыялары өтө жыш ж-а сууга бай. Ириси — Огове. Аймагынын 80%ин дайыма көгөрүп туруучу нымдуу токой (окумеозиго, лимба ж. б.) каптап жатат. Кыртышы кызыл-сары латериттүү. Айбанаттарга: пил, буйвол, антилопа, кабылан, гиена, маймыл ж. б. Дарыя-ларда бегемот, крокодил бар. Калкы. Калкынын көпчүлүгү — бантулар. Мамл. тили французча. Калкынын 42% католик, 23% протестант, 34% байыртадан келаткан диний үрп-адатты тутат, 1% мусулман. Шаар калкы 20%. Ири шаарлары Либревиль (105 миң киши, 1975), Порт-Жантил. Тарыхый справка. Г-дун байыркы ж-а о. к-дагы тарыхы начар изилденген. Өлкөнүн байыркы калкы пигмейлер болсо керек. Кийинчерээк бантулар келип отурукташкан. 1839-ж. француздар Г. булуңунун сол жээгине отурукташып, 1849-ж. оң жээгин ээлешет да, Либревиль ш-н негизде-шет. Г-дун калкынын француз баскын-чьшарына каршы күрөшү 1-дүйн. согушка чейин созулду. 1903-ж. Г. официалдуу түрдө колония деп жарыяланып, 1910— 58-ж. Франциялык Экватордук Африканын составында болду. 1940—50-жылдары туңгуч улуттук саясий уюмдар (Габон демокр. блогу, Габон демокр. ж-а социалдык союз, Габондун улуттук бирдиктүү партиясы) ж-а профсоюз түзүлө баштады. Империализмдин колон. системасы кулай баштаган кырдаалда Франция Г-го бир катар саясий жеңилдик берүүгө мажбур болду. 1958-ж. Г. респ-ка болуп жарыяланды. 1959-ж. февралда биринчи конституциясы кабыл алынды. 1960-ж. 15-июлда француз өкмөтү Г-дун көз каран-дысыздыгы ж-дөгү келишимге кол койду. 1960-ж. 17-августта Г. кез карандысыз мамлекет деп жарыяланды. Ошол эле жылы сентябрда ал ООНго кабыл алынды. 1968-ж. Габон демокр. партиясы түзүлдү. Саясий партиялары ж-а профсоюз-дары. Габон демократиялык партиясы (ГДП) 1968-ж. түзүлгөн. Өлкөдө ачык иштеген жалгыз партия. Феодалдарга, уруу ак сөөктөрүнө, бюрократтык буржуазияга таянып иш жүргүзөт. Франция м-н союздашууну жактайт. Өлкөдө башка партия түзүүгө тыюу салынган. Габондун жалпы эмгек конфодерациясы (1957), Габондун динге ишенген эмгекчилер конфедерациясы (1956), Габон эмгекчилеринин Улуттук конфедерациясы (1962). Экономикасы. А. ч-сы начар өнүккөн, ички муктаждык үчүн маниок, банан, шалы, батат, май пальмасы ж-а экспорт үчүн какао, кофе өстүрүлөт. 1972-ж. 4,5 миң уй, 93 миң кой-эчки, 6,0 миң чочко болгон. Эко-номикасында негизги орунду тоо-кен, токой ж-а жыгач иштетүү ө. ж. ээлейт, алар негизинен чет элдик мо-нополиялардын колунда. Деңиз жээктеринде нефть м-н газ, Франсвиль ш-нын чет жакаларында марганец, Мукайдын айланасында уран, Белин-га р-нунда темир рудасы ж-а алтын казып алынат. Окуме жыгачынын запасы ж-а аны даярдоо б-ча Г. дүйнөдө 1-орунда. 1973-ж. 165 млн кет-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Тактай тилүү, нефть тазалоо, цемент з-ду ж. б. майда ишканалар бар. Автомо- биль жолунун уз. 5 миң км. Кеме катнашы өнүккөн. Экспортко нефть, марганец рудасын, уран концентратын, жумуру жыгач ж-а фанера, кофе, какао чыгарат. Сырттан машиналар, тоо-кен ө. ж. үчүн шаймандар, текстиль буюмдары ж. б. алып келинет. Сооданы негизинен Франция, о. эле АКШ ж. б. мамлекеттер м-н жүргүзөт. Акча бирдиги — африкалык франк. Маданияты. Г-дун кез карандысыздыгы жарыяланганда (1960) 14 жаштан жогор-кулардын 77% сабатсыз болгон. Респ-ка түзүлгөндөн агартууну өнүктүрүү үчүн атайын каражат (1965-ж. мамл. бюджеттин 18%) бөлүнүп, бдан 14 жашка чейинки балдарды милдеттүү түрдө окутуу каралды; жеке менчик мектептер мамлекет көзөмөлүнө алынды. Окуу француз тилинде. 6 жаштан тартып балдар 6 жылдык башталгыч мектепке кирет. Окуу мөөнөтү — толук орто мектепте (лицей) 7 жыл (4 ж-а 3 жылдык окуу), толук эмес орто мектепте (коллеж)—4 жыл. Кесипке үйрөтүү эки баскычтуу (4 ж-а 3 жылдык) тех. лицейлерде ж-а башталгыч мектептер базасындагы 3 жылдык тех. кол-леждерде жүргүзүлөт. Башталгыч мектептердин төмөнкү квалификациялуу мугалимдерин (насаатчыларын) коллеждер базасында 1 жылдык мугалимдер курсу, атайын мугалимдерди 1-баскычтуу лицей базасында 3 жылдык нормалдык мектептер даярдайт. Орто мектепке Браззавил-ден ж-а Франциядан атайын окуу жайларын бүтүп келгендер мугалим болот. Г. официалдуу информ. агентствосу 1961-ж. түзүлгөн. Газета-журналдары: «Бюльтен котидьен д’энформасьон» (1969); Информ. мин-восунун органы — «Габон д’ожурдюи» (1964), «Журналь офисьель де ла Репюблик Габонез» (1959) ж. б. Радио уктуруу жана телекөрсөтүү өкмөттүн карамагында. Борб. радиостанция-сы Либревилде жайгашкан. Радио берүүлөрү француз, фанг, мпонгве ж. б. тилдерде. Телестанциялары Либревиль ж-а Порт-Жантилде. Өлкөдө жыгачка кесип оймо салуу, пил сөөгүнөн ар кандай буюмдар жасоо, кештелеп бойро согуу өнөрү өнүккөн. Жыгачтан кылдат жасалган статуэткалары, жез жалатылып жасалгаланган фигура-чалары өзгөчө көркөм.

Ад.:   Новейшая история Африки, 2 изд., М., 1968; Сюр э-К а н а л ь Ж., Африка Западная и Центральная [пер. с франц.], М., 1961.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *