ГААГА

ГААГА — Нидерланддагы шаар. Король резиденциясы м-н өкмөт үйү жайгашкан. Түш. Голландиянын ад-мин. борбору. Калкы (шаар айланасы м-н) 685 миң (1974). Г. автомобиль, аба ж-а т. ж. тоому, порт; ири ө. ж. ишканалары көп. Көркөм кол өнөрчүлүк да өнүккөн. Электр жабдууларын, авиациялык (шаар сыртында), радио ж-а телеаппараттар чыгаруучу з-ддор, текстиль, мебель ж-а кондитер ф-калары, мамл. архив, китепкана, сүрөт өнөрүнүн королдук академиясы бар. I Интернационалдык конгресси (1872), Гаага конференциясы (1922) ж. б. маанилүү жыйындар өткөн. Эл аралык сот жайгашкан. Г. 1097-жылдан белгилүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *