ГААГА КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

(1922) — Генуя конференциясынын (1922) чечими б-ча 15-июндан 19-июлга чейин Гаага ш-нда (Нидерланд) өткөн эл аралык финансы-экон. конф-я. Ага Генуя конф-ясына катышкан (Германиядан башка) 33 мамлекеттин өкүлдөрү чогулган. Конф-я капит. мамлекеттердин Совет өлкөсүнө койгон доолорун талкуулап, Сов. Россияга карыз берүү маселесин да карамак болгон. Бирок капит. өлкөлөрдүн өкүлдөрү сов. делегациянын (башчысы М. М. Литвинов) эл аралык кызматташуу ж-дөгү сунушун четке кагып, Сов. Россияга карыз берүүдөн баш тарткан. Алар, тескерисинче, чет элдик капиталисттердин Совет бийлиги мамлекеттин карамагына алган жеке менчиктерин ээлерине кайтаруу ж-а падыша өкмөтү м-н Убактылуу өкмөттүн карыздарын төлөө талабын койгон. Сов. делегация империалисттердин мындай адилетсиз талаптарын четке каккан. Г. к. эч кандай чечимге келген эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *