ВЯТКА

ВЯТКА — РСФСРдин Киров обл-нда-гы ж-а Татар АССРиндеги дарыя, Ка-манын оң куймасы. Уз. 1314 км, ала-бынын аянты 129 миң км2. Удмурт АССРинин түндүгүндөгү Жог. Кама дөңсөөсүнөн башталат. В. ийри-буйру болуп, кенен өрөөн аркылуу агат. Сайроон жерлери көп. Көбүнчө кар суусунан куралат. Жылдык орт. чыгымы 890 мъ\сек. Ноябрда тоңуп, апрелде ачылат. Башкы куймалары: Кобра, Летка, Великая, Молома, Пижма, Чепца, Быстрица, Воя, Кильмезь. Балыкка (лещ, плотва, линь, чехонь, жаян, чортон, окунь, судак ж. б.) бай. Дарыянын чатынан Киров ш-на чейин (700 км) кеме жүрөт. Пристан-дары: Киров, Котельнич, Советск, Вятские Поляны, Сосновка. Гидро-энергетикалык ресурска бай. ВЯТКА ЖАЛЫ — РСФСРдин Мари АССРи м-н Киров обл-ндагы кеңдик багытта созулуп жаткан дөңсөө. Би-йикт. 284 м. Вятка д. дөңсөөнүн ортосунан агып өтөт. Аки таш теги, доломит ж-а гипс тоо тектеринен түзүлгөн. Карст көп таралган. Жалды мырза карагай ж-а пихта токою каптап жатат.